ЖКнын айым депутаттары "Келин" теледолбоорун жабууну талап кылышты

© Фото / Хадича ХарсановаВо время съемок нового реалити-шоу на КТРК "Келин"
Во время съемок нового реалити-шоу на КТРК Келин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым депутаттар теледолбоордо үй-бүлөлүк зомбулук чагылдырылганын айтып, кайнене зөөкүрдүн ролун жаратканын белгилешкен.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече депутаттар Коомдук биринчи канал аркылуу көрсөтүлгөн "Келин" теледолбоорун эфирден алдырып салуу сунушун берди.

Келин жаңы теледолбоорун тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
"Келин" теледолбоору: боорсок жасап, уй сааганды үйрөнгөн бийкечтер
Реалити-шоунун биринчи бөлүгү ишемби күнү эфирге чыгып, социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан катуу сынга кабылган. Айрым интернет колдонуучулар долбоорду жаптырууга багытталган петиция түзүштү.

Ал эми парламентте "Келин" теледолбоорун жаптыруу маселесин Айнуру Алтыбаева (КСДП), Наталья Никитенко жана Аида Салянова (Ата Мекен) көтөрүп чыкты. Депутат Айнуру Алтыбаева КТРКнын байкоочу кеңешине гендердик жана юридикалык экспертиза жүргүзүү сунушу менен кайрылды.

Салянованын айтымында, реалити-шоу кыргыз үй-бүлөсүнүн маданияты менен баалуулуктарын бурмалап салган.

"Кайнене зөөкүрдүн ролун жаратып калган… Келиндерге карата каардуу эмес, боорукердик мамилени пропаганда кылыш керек. "Келин" теледолбоорун жабуу керек деп эсептейм", — деди Салянова.

Ал эми Никитенко теледолбоор келиндин негизги максаты кайненесине жагып кетүү экенин чагылдырып калганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0