Башкы штаб 23-февралга карата аскер бөлүктөрүнө концерт кое баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековРепетиция военного парада, посвященного 25-летию независимости Кыргызстана
Репетиция военного парада, посвященного 25-летию независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы бардык аскер бөлүктөрүндө Башкы штабдын топтору менен эстрада ырчылары концерт берет.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өлкөнүн аскер кызматкерлерине Ата мекенди коргоо күнүнө карата (23-февраль) концерттик программа даярдалып жатат. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Ырыскелди Осмонкулов: Асанкалый агайдын куюлган терин көрүп таң калгам
7-февралда башталган майрамдык иш-чара 21-февралга чейин созулат.

Өлкөнүн түндүк аймагындагы көчмө концертти Борбордук аскер үйү, ал эми өлкөнүн түштүк региондору боюнча офицерлердин Ош гарнизондук үйү уюштурган.

Программада кыргыз композиторлорунун аскер темасындагы ырлары, мекенди коргоо темасындагы патриоттук чыгармалар жана белгилүү эстрада ырчыларынын өнөр тартуулоосу камтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0