YouTube сайтынан эми видеолорду атайын тиркеме аркылуу көчүрүп алууга болот

© flickr.com / Esther VargasYouTube сайтынын логотиби. Архив
YouTube сайтынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы тиркеме интернеттин ылдамдыгы аз болгон аймактарга ылайыкташкан. Азырынча Android телефонун көтөргөндөр колдоно алат.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Google компаниясы өзүнүн YouTube Go тиркемесин иштеп чыкты. Бул тиркеме менен видеолорду көчүрүп алса болорун Tech Radar порталы билдирди. 

Социальная сеть Facebook - Sputnik Кыргызстан
Facebook таанышуу жаңы кызматын ишке киргизди
Мындай тиркеменин жасалып жатканы боюнча маалыматтар буга чейин айтылган. Эми аны Google Play дүкөнүнөн жүктөп алууга болот.

Порталдын маалыматына ылайык, бул тиркеме интернеттин ылдамдыгы начар болгон аймактарга ылайыкташкан. Азырынча Android телефонун көтөргөндөр колдоно алат. Колдонуучулар өзүнө жаккан видеолорду эми эч тоскоолдуксуз, ылдам эле жүктөп алышат. Азырынча видеолорду 144p жана 360p көлөмүндө гана мүмкүн.

Ошондой эле видеону тиркемеден чыкпай туруп Bluetooth аркылуу бөлүшүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0