Военно-Антоновка айылындагы РИОМАВТО автобазарында унааларды каттоо бөлүмүндө адамдар көп топтолгон

Сертификатсыз автоунаалар 12-февралдан тарта катталбайт. Ал эми Мамкаттоодо узун кезек

742
(жаңыланган 18:06 11.02.2017)
Өкмөт буга чейин 12-февралдан тарта Кыргызстанга биринчи ирет алып келинген автоунаалардын сапат сертификаты жок болсо каттабай турганы боюнча токтом чыгарган.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Военно-Антоновка айылындагы "РИОМАВТО" автобазарында унааларды каттоо бөлүмүндө адамдар көп топтолгондугун байкоого болот деп билдирди Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган базардын башчысы Айбек Баратов.

Анын айтымында, өкмөт буга чейин 12-февралдан тарта Кыргызстанга биринчи ирет алып келинген автоунаалардын сапат сертификаты жок болсо каттабай турганы боюнча токтом чыгарган. Баратов мындай документ жакынкы аймактан Алматы шаарында (Казакстан) бериле тургандыгын белгиледи.

"Ошондо эртеңден тарта автоунаа сатып алгандар аны өзүнө каттата албай калат. Биздин өкмөттүн кетирген катасы — эгерде автоунаа катталбаган болсо, биздин жарандар Казакстанга кантип кирерин ойлобогондугунда болуп жатат. Эмне үчүн өкмөт адегенде сертификат берүү борборун түзүп, токтомду андан кийин токуган жок?"— деди Баратов.

  • Военно-Антоновка айылындагы РИОМАВТО автобазарында унааларды каттоо бөлүмүндө адамдар көп топтолгон
    Военно-Антоновка айылындагы "РИОМАВТО" автобазарында унааларды каттоо бөлүмүндө адамдар көп топтолгон
    © Фото / Айбек Баратов
  • Өкмөт буга чейин 12-февралдан тарта Кыргызстанга биринчи ирет алып келинген автоунаалардын сапат сертификаты жок болсо каттабай турганы боюнча токтом чыгарган.
    Өкмөт буга чейин 12-февралдан тарта Кыргызстанга биринчи ирет алып келинген автоунаалардын сапат сертификаты жок болсо каттабай турганы боюнча токтом чыгарган.
    © Фото / Айбек Баратов
1 / 2
© Фото / Айбек Баратов
Военно-Антоновка айылындагы "РИОМАВТО" автобазарында унааларды каттоо бөлүмүндө адамдар көп топтолгон

Ал "РИОМАВТО" базарында унааларды каттоо бөлүмүндө көп унаа жыйылып калгандыгын билдирди. Анын айтымында, бүгүн алардын баары документтерин толтуруп жетише албайт.

"Мыйзамды билбегендик жоопкерчиликтен куткарбасы турган иш. Бирок элге алдын ала эскертишпейт беле", — деди ал.

Өкмөт мындай токтом чыгаргандыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов тастыктады. Анын айтымына караганда, бул Экономика жана өнөр жай министрлигинин демилгеси болгон.

"Биз болгону актыларды аткаруучуларбыз. Бизде да эгерде лабораториялар жок болсо, мындай эреже эмнеге киргизилди деген суроо болгон. Эмне үчүн мындай болгону түшүнүксүз", — деди Эржигитов.

Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" деп аталган техникалык регламент бар.

742
Белгилер:
техникалык регламент, сапат, автоунаа, каттоо, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Паспортту шашылыш жасатууга жаңы баа коюлду
Компьютердик томография кабинетинде иштеген лаборант. Архив

Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан адамдан рак аныкталды

34
(жаңыланган 14:39 27.09.2020)
Лейкемия Браунда 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда ал Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан Тимоти Рэй Браун аттуу бейтаптан дарыгерлер рак оорусун аныктап, ал акыркы стадиясына жетип калганын кабарлашкан. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянып кабарлады.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал эркек киши 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда Браун Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатканы маалым болду.

Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

Бүгүнкү күнгө карата ВИЧ инфекциясын толугу менен эки эле адам жеңген. Экинчи бейтапты "лондондук пациент" деп коюшат. Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун трансплантация кылдырышкан.

34
Белгилер:
рак, бейтап, оору, ВИЧ
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

27
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

27
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш