Рефери Жамиля Боркоева: курсактагы 5 айлык бала менен ринг үстүндө жүрдүм

© Фото / Михаил БорзовРефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева
Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамиля Боркоева — бокс боюнча эл аралык даражадагы калыс. Тер төгө күч сынашкан мушкерлердин ортосуна алты жылдан бери арачыга түшүп жүрөт. Өзгөчө курсактагы беш айлык бала менен рингге чыгуу тобокелдикти жаратпай койбосо керек.

Кыргызстанда бокс боюнча үч гана рефери кызмат кылат. Боркоева журналист Гүлдана Талантбековага эмне себептен мушкерлер ринг үстүндө кыздарды теңине алып калганын айтып берди.

— Мушкерлер рефери болгондон кийин беттеш талаасына чыга албай калат деп уккам. Рингге чыгып дагы да ийгилик жаратмакмын деп кабатырланган жоксузбу?

— Жыйырма сегизге чыктым. Мушкерликтеги убактым бүттү деп ойлойм. Бокс жаңыдан өсүп келе жатканда калыстыкка (рефери) өттүм. Өкүнбөйм деле. Эл рингди сыртынан көрсө, бизге ичинен көргөнгө буюрганы кубандырат.

— Жумушуңар деле бир топ оор болсо керек?

— Башында оор болду. Анткени мушкерлер бизди көп деле тоготчу эмес. "Кыз экен ушуга тил алмак белем" дегендей мамиле кылышчу. Ачык айтканда биз аларга, алар бизге көнө албай жаттык. Эркек кишинин кантсе дагы сүрү болот эмеспи. Азыр бири-бирибизди колдоп калдык. Мындайча айтканда мушкерлер калыстык кылган кыздарга көндү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБокс боюнча эл аралык даражадагы калыс Жамиля Боркоева: башында оор болду. Анткени мушкерлер бизди көп деле тоготчу эмес. "Кыз экен ушуга тил алмак белем" дегендей мамиле кылышчу
Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Бокс боюнча эл аралык даражадагы калыс Жамиля Боркоева: башында оор болду. Анткени мушкерлер бизди көп деле тоготчу эмес. "Кыз экен ушуга тил алмак белем" дегендей мамиле кылышчу

— Азыр деле сөздү укпаган мушкерлер болсо керек? Ачуусу мурдуна жетип силерге чейин жулунгандар болобу?

— Ар бир мелдеш өз деңгээли менен болот экен. Адатта спорт чеберлери сөздү жакшы угушат. Алар көп нерсени көрүп, билип калгандар. Үйрөнчүктөр болсо калысты угуп иштегенге көнгөн эмес. Алар беттештин кызуусуна батып кеткенде, элдин чуулдаганынан укпай калышабы айтор тилди албай калган учурлар болот. Мурун "токто" деп кыйкырып коюу жетиштүү болсо, азыр мушкерди ийин жагына уруп коюуга уруксат берилген. Баарын көзөмөлдөп турабыз. Кээде токто дегенди уккан мушкер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып экинчисин чаап жибериши мүмкүн. Бирөө жеңишке жетсе экинчиси намыстанып ызылдап ийген учурлар да болот.

— Реферилер мушкерлерге канчалык деңгээлде дем бере алышат?

Көркөм гимнаст, жаа атуу боюнча Европанын рекорд китебине кирген Аида Акматова - Sputnik Кыргызстан
Жаачы Аида Акматова: өлүмдөн мурун помадам бетиме шыбалып калган жокпу деп ойлодум
— Мушкер кулап калганда калыс болгону сегизге чейин санайт. Санап жатканда көздөрүнө көңүл бурам. "Ой мен боксташам" деген күндө деле көзүнөн абалын билип коебуз. Мындайда токтотконго аракет кылабыз. Анткени дагы бир жолу сокку жесе нокаутка учурашы мүмкүн. Нокаут учурунда онго чейин саналат. Кийин андайларды эки-үч айга чейин мелдештерге чыгарышпайт. Анан эртең бир нерсе болуп кетсе дагы бизге сурак жүргүзүлөт. Кээ бирлер мен мушташмак болчумун, силер токтотуп салдыңар деп чырдашат.

Дем-күч бере турчу сөздү машыктыруучулар көп айтышат. Сырттан минтип ур, тигинтип ур деп кыйкырып турушат. Биздин милдет болсо эки мушкерди тең бирдей карашыбыз керек.

— Ринг талаасынан жеңилүү ызасын тартып калган учурда бири-бирине тиш кайрап, эшиктен бүтүрөбүз дегендери да болсо керек?

— Спорттун жазылбаган мыйзамдарынын бири — бул бүгүн урушуп, эртең табышмай. Спортко балдар жаштайынан аралашкандыктан, машыктыруучулар маселени рингдин үстүндө гана чечкенге үйрөтөт. Эшикке чыгып бүтүрүп алам дегендерди, көчө спортчулары катары эле көрөм.

— Рингде турганда беттештин кызуусуна сиз дагы кирип кетесизби?

Жаш муаглим Үмүт Кудайбергенова - Sputnik Кыргызстан
Модель болчу 21 жаштагы Үмүт кантип "эжей" болуп калды? Дил маек
— Чоң мелдештерде толкунданып кетем. Убакыт өткөн сайын көнүп калат экенсиң. Биринчи раундда өзүңдү жакшы алып кетсең кийинкилери деле оңой болот. Сөздү укпагандар болсо эмоцияңды болушунча жашырганга аракет кыласың. Керек болсо реферинин күлгөнгө акысы жок. Бирок күлкүлүү учурларда бышкырып жиберген кездер болгон. Айрым мушкерлер башын ылдый кылып алып боксташканда сыртташы кишиге күлкүлүү көрүнүп кетет.

— Каражат жагы кандай, бир беттешке канча аласыңар?

— Мамлекеттик мелдеште беш күндүк кызмат үчүн 400 сомдой алабыз. Ошондо бир күнгө 83 сом төлөнөт. Жеке мелдештер болсо көбүрөөк беришет. Биздин реферилер спортко салым кошом деген адамдар. Каражат табуу үчүн башка жактарда да эмгектенишет. Мен аскердик спорт клубунда инструктор болуп иштейм.

© Фото / Михаил БорзовЖамиля Боркоева — бокс боюнча эл аралык даражадагы калыс.
Жамиля Боркоева — бокс боюнча эл аралык даражадагы калыс. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жамиля Боркоева — бокс боюнча эл аралык даражадагы калыс.
© Фото / Михаил БорзовТер төгө күч сынашкан мушкерлердин ортосуна алты жылдан бери арачыга түшүп жүрөт.
Тер төгө күч сынашкан мушкерлердин ортосуна алты жылдан бери арачыга түшүп жүрөт. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Тер төгө күч сынашкан мушкерлердин ортосуна алты жылдан бери арачыга түшүп жүрөт.
© Фото / Назира РахатоваРефери Жамиля Боркоева шериктеши Назира Рахатова менен
Рефери Жамиля Боркоева шериктеши Назира Рахатова менен - Sputnik Кыргызстан
3/3
Рефери Жамиля Боркоева шериктеши Назира Рахатова менен
1/3
Жамиля Боркоева — бокс боюнча эл аралык даражадагы калыс.
2/3
Тер төгө күч сынашкан мушкерлердин ортосуна алты жылдан бери арачыга түшүп жүрөт.
3/3
Рефери Жамиля Боркоева шериктеши Назира Рахатова менен

— Акчасы аз эле турбайбы. Бул тармакты эмне себептен тандап алгансыз?

— Спорт жашоомдун бир бөлүгү. Спортто жүргөндө кадимкидей эс алам. Стресс, депрессиядан алдаканча алыс болосуң.

Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Сагынбаев: жоопкерчилик, сарсанаа менен жүрүп 5 кг арыктап, ооруп да калдым
Өзүм спорт дүйнөсүнө кеч аралаштым. 18 жашыман баштап бокс менен алектенип баштадым. Биздеги эрежелерге ылайык 25 жаштан кийин картаң болуп саналасың. Анан жаш кыздарга жол ачып, калыстыкка өтүп кеттим.

Назира аттуу дос кызым экөөбүз чогуу машыгып баштаганбыз, алты жыл мурун калыстыкты да чогуу баштап, бир убакта экөөбүз тең улуттук, эл аралык рефери наамдарын алганбыз.

— Калыстыктын негизги эрежелери кандай?

— Бокс мелдеши AIBA эрежеси боюнча өткөрүлөт. Кадимкидей окуп, үйрөнүп, экзамен тапшырып турабыз. Жыйынтыгына жараша даражабыз көтөрүлүп турат. Азыр мен эл аралык даражадагы AIBA бир жылдызына ээ болдум болдум. Негизи үч жылдыз жана беш жылдыз дегендери бар.

— Даражалар силерге кандай жол менен берилет?

— Эл аралык деңгээлдеги даражага жетиш үчүн экзаман тапшырасың. Бирок экзман алгандар чет жактан келишет. Эрежелерди оозеки сурайт, рингден практика жүзүндө сынашат, мелдеш убагында да келип карашат. Баага татыктуу болсоң өтөсүң.

— Негизи бизде канча айым калыстык кылып жүрөт?

— Бокс боюнча бизде үч кыз бар. Назира, Мээрим жана мен. Улуттук даражадагы калыс Айнура Сыдыкова деген айым болуп эсептелет. Ал өлкө боюнча реферинин даражасын эң биринчилерден болуп алган. Учурда башкы катчы болуп эмгектенет. Биз болсо рингдин ичине кирип калыстык кылгандарданбыз.

— Сиз бардыгына эле калыс болуп жүрөсүзбү же кыз-эркегине, улуу, кичүүсүнө, арык-семизине карайсызбы?

— Бизге айырмасы деле жок. Салмагына, жашына карабайбыз. Менин боюм 1.60 сантиметр. Оор салмактарга калыс болгондо аябай кичинекей болуп калам. "Токто" деп кыйкырсаң мушкерлер үстүдөн ылдый жакты карашат. Бизди көрүп көрөрмандар күлүшкөнүн байкап калам. Айнура эже (ред. — Сыдыкова) "столго чыгып албайсыңбы" деп күлө берет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБокс боюнча эл аралык даражадагы калыс Жамиля Боркоева: спорт жашоомдун бир бөлүгү. Спортто жүргөндө кадимкидей эс алам. Стресс, депрессиядан алдаканча алыс болосуң
Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Бокс боюнча эл аралык даражадагы калыс Жамиля Боркоева: спорт жашоомдун бир бөлүгү. Спортто жүргөндө кадимкидей эс алам. Стресс, депрессиядан алдаканча алыс болосуң

— Кыздар кекчил болобуз да. Алар менен иштешүү оорчулук жаратпайбы?

— Кыздар менен иштешүү балдарга салыштырмалуу жеңил. Эркектердин ортосуна түшкөндө таамай соккусу мага тийбесе экен деп кооптоносуң. Алардын соккусу колума, ичиме, төшүмө тийип кеткен учурлар болгон. Байкабай тийип кетти деп кечирм сурагандар бар, тоң моюндар болсо оюндан четтетилет.

КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Эл аралык сыйлыктардын лауреаты Асел Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Прима-балерина Айдарова: көпөлөктөй болуп эле жыргап бийлеп жүрөт деп ойлошот
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Турмушка чыккам. Жазында кыздуу болоюн деп жатам. Буюрса тыңып алсам кайрадан калыстыкка чыгайын деп турам. Жолдошум кудайга шүгүр колдойт. Балам дагы спортко жакын болот окшойт деп ойлоп калдым. Себеби курсактагы беш айлык бала менен рингде калыс болуп жүрдүм. Азыр деле иштей бермекмин, бирок кийип жүргөн формаларым батпай калбадыбы (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0