Акын Зайырбек Ажыматов айылга кат жазып, таенесин, бала чактын өксүктөрүн эстеди

© Фото / Улан АсаналиевАкын Зайырбек Ажыматов
Акын Зайырбек Ажыматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгармачыл адамдар назик, сезимтал келет жана жан дүйнөсү кудум кызгалдак гүл сымал. Абдан, абдан назик. Айылга кат жазган биздин бүгүнкү авторубуз оозго алынып калган акын, бир катар жаш калемгерлердин насаатчысы, журналист Зайырбек Ажыматов.

"Туулган жер бир арманым, мен сага бир түп дарак тиге албадым"

Назым Хикмет

Саламатсыңбы айылым!

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Муфтийдин айылга каты: арасында жүрсө дагы булуттун, адам кантип өскөн жерин унутсун
Акыркы кезде кечинде жумуштан чыгып, жаңы конуштагы өз мээнетим менен курган үйүмө жөнөп, биз тарапка кеткен жолго мына-мына кайрыларда жүрөгүм бир "зырп" дей турган болуп алды. Ооба, он беш жылга чукул зор түйшүк менен түптөп келаткан өз конушума эми жетерде ушундай сезимге туш болуп жүрөм. Бир күнү балдарым, келинчегим менен сүйлөшүп отуруп, аларга менде кээде чоочун үйдө жашап жаткандай сезим пайда болорун, көчөдөн бала кезде чоңойгон үйгө бараткандай сезим менен келатып эле бул үйгө кайрыларда балалыгымды, айылымды эстеп жүрөгүм бир сыздап аларын айттым. Келинчегиме мындай сезим көптөн бери эле тааныш экен, ал дароо эле түшүнүп, өзү да акыркы кездерде балалыгы калган үйдү, айылын тез-тез сагынып каларын божурап кирди. Ал эми балдарым биздин эмне тууралуу сүйлөшүп жатканыбызды анчалык деле элес алган жок. Сурап көрсөм, кызыгы, алардын түшүнө дайыма ушул үй, ушул жаңы конуш кирет экен. Себеби төртөөсүнүн тең көз ачканы көргөнү ушул үй, ушул шаар, ушул көчөлөр болбодубу. Ал эми менин түшүмө дайыма балалыгым калган айыл, биз чоңойгон эски үй кирет. Демек, жаратылыштын мыйзам ченеми ушундай турбайбы. 
© Фото / из личного архива Зайырбека АжыматоваАкын Зайырбек Ажыматовдун балачагы
Акын Зайырбек Ажыматов - Sputnik Кыргызстан
Акын Зайырбек Ажыматовдун балачагы

Айылга кат жазуу мынчалык оор экенин билбептирмин

Мына ушундан улам мен сага кат жазгым келди. Ошонтсе да туулуп-өскөн айылга кат жазуу мынчалык оор экенин билбептирмин. Анан калса, төрт жашында атасы каза болуп, алты жашында энеси турмушка чыгып кетип, таенесинин үйүндө чоңойгон балага айылына кат жазуу эки эсе оор экен. Мен кайсы айылыма кат жазам? Ооба, таенем жашаган айылда менин бактылуу да, бактысыз да балалыгым калды. Бактылуулугум ошол – сууңду ичтим, гүлүңдү жыттадым, көк шибериңе оонадым, өзөнүңдө балыктай ойноп, ажайып табиятыңа делөөрүп, ата тарбиясын көрбөсөм да атамды көргөн асыл адамдарыңдан таалим-тарбия алып, кези келгенде таенеме эркелеп чоңойдум. Бактысыздыгым – жетим деген баары бир жетим турбайбы. Көңүлүмдөн өксүк кеткен жок. Жүрөгүм дайыма ачышып, дайыма бөксөрүп, жалгызсырай берем. Азыр деле кимдир бирөөнү издеп жүргөнсүйм. Чамасы атамды же апамды издейт окшойм. А баса, апам турмушка чыгып кеткенде апамдын караанын эле эмес "Апа" деген сөздүн өзүн сагынганымды айтпа. Ага айылымдагы кокту-колоттор, тоолор, токойлор күбө болгон. Ошол сезимди кийин "Сайра эне" деген поэмамда кыстарып кеттим эле:

…Не демекпиз… заманабыз тарылган,
Жеке менин жүрөгүм жүз жарылган.
Атадан го үмүт эрте үзүлгөн,
Апа деген сөздүн өзүн сагынгам…

Эч ким жоктой мени апамдай аярга,
Энеси жок көнбөй жүрдүм далайга,
Ап-а, апа-а деп алам катуу кыйкырып,
Эч ким укпас ээн жерге барам да.

Атам кирип түштөрүмө күндө эле,
Аны ээрчип кетким келчү мүрзөгө.
Адашкандай жалгызсырайм, жабыгам,
Аңгыраган ушул жарык дүйнөдө.

Дүйнөлүк деңгээлдеги кыргыз ортопеди, медицина илимдеринин доктору, акедемик, профессор Сабырбек Жумбаков - Sputnik Кыргызстан
Профессор Сабыр Жумабековдун айылга каты. Элитага алмашкыс классташтар…
Ооба, ата-бабам жашап өткөн конуш менен мен чоңойгон Ак-Жол айылынын ортосу анчалык деле алыс эмес. Бир өзөндү бойлоп, бирин-бири улай жайгашкан айылдар. Бирок, кеп аралыкта деле эмес экен. Кеп, сенин жетимдигиңде. Баары жетиштүү болгон күндө деле бала ата-энеси менен чогуу болбосо жүрөгүндө эч качан кетпей тарган өксүк пайда болуп, ал сени өмүр бою коштоп жүрүп отурат турбайбы. 

Кечир мени айылым…

Кечир мени айылым, мен сага көп деле барбайм. Биринчиден, азыр сенде таенемдин очогун өчүрбөгөн жалгыз иним, анан атамдын айылынан да жогору турган айылда жашаган мени дагы эки инилүү, бир карындаштуу кылган апамдан башка эч кимим деле жок. А баса, мен атамдын айылы деп бекер айткан жокмун. Бизге атабыздан ата конуш да калган жок. Ооба, ата-бабам жаткан мүрзөдөн башка ошол айылда менин атам – Самаган Ажыматовдун конушу жок. 28 жашында каза болгон атам байкуш өзүнүн атасы Ажыматтын үйүнүн ордуна там салганга деле жетишпей калыптыр. Чоң атам жашаган үйдүн орду эчак эле менчиктештирилип, биз чоңойгончо эле уруулаш туугандардын менчигине айланып кеткен. Жалгыз иним артында баласы жок байкуш таенемдин жерин жер, элин эл кылып калды. Бирок бир нерсени айта кетишим керек, атамдан бизге ата-конуш, алакандай жер калбаганы менен жакшы сөз, кадыр-барк калган. Атамдын замандаштары азыркы мезгилге чейин мени "И-иий, кагылайын, Самагандын баласысыңбы, атаң мыкты киши эле, " — дегени эле көкөлөтүп, көптүрүп коет. Атам 28 жашка чейин эле элдин назарына илинип, артында жакшы сөз калтыра алганы үчүн мен өз айлымда жүзүм жарык жүрө алам. Сыймык менен баса алам. Атам аркылуу ата журтума арналган ар кандай тематикадагы ырларды жазып жүрөм. Менин ата конушум – Райкомол айылындагы атам жаткан мүрзө. Аны да он алты жашымда биринчи жолу көргөм. Бирок атам жашаган айылда атамдан калган алакандай жер калбаса да балалыгым калган Ак-Жол айылымды жакынсынып, ал жөнүндө ыр жазып калам:

Ал булбулдар аман барбы?

Ар учурда бийик мага кадырың,
Ак жол айылым бүтпөй келген жаңы ырым.
Кармап турат мени кайда жүрсөм да,
Катмарыңа сиңген терең тамырым.

Жыргал жоктур чаңың кечип баскандай,
Жылыйт көңүл жоготконун тапкандай.
Басып өтсөм жолдоруңдан, жонуңдан,
Бабалардын деми өтүп жаткандай…

Өзөн дайраң көңүл кирин жуугандай,
Өскөн гүлүң, тал-терегиң туугандай.
Кайран атам дөңсөөдөгү мүрзөдөн,
Карап мени канаттанып тургандай.

Кышта жылуу, жайда салкын, шаң мекен,
Куттукташкан куштар сайрап таң менен.
…Ата-Журттун ырдап турган ажарын,
Ал булбулдар азыр аман бар бекен?..

Булбул кайда-а… муун улам жашарып,
Бейтааныш көп, тааныш жүздөр азайып.
Жүрөгүм бир тыз этет да, эх анан,
Жаш муунга сапар каалайм ажайып…

Акын болом деп кеткенмин калаага,
Ак жол айылым сен баа бер балаңа,
Керек эмес болсо ырым мекенге,
Кетмен чаап кетиш керек талааңа… 

© Фото / Улан АсаналиевАкын Зайырбек Ажыматов
Акын Зайырбек Ажыматов - Sputnik Кыргызстан
Акын Зайырбек Ажыматов

Чындыгында биздин адам болушубузга таенебиздин эмгеги зор болду. Албетте, анчалык деле алыс болбогондуктан апам эки тарткын болуп кыйналса да бизге тез-тез келип турганы ырас. Эки ортодо кыйналды, чайналды. Бирок биздин негизги түйүшүгүбүздү таенем тартты. Ошол киши тарбиялады бизди. Эми ойлосом, таенем өтө акылдуу киши экен. Ал атабызды мактап жүрүп бизди киши болууга үндөгөн экен. Аны мен кийин минтип жаздым:

Тарбия да, дем, күч берген көңүлгө,
Айтып берет таенем атам жөнүндө.
- Жетет эле атаңарды тартсаңар,
Андай адам бир жаралат өмүргө.

Элесимде-дечү таенем азыр да,
Бир жан эле акылдуу да, асыл да.
Иши менен бааланды, сыйланды,
Депутат болду жыйырма төрт жашында.

Жөпжөнөкөй жетсе дагы урматка,
Элпектиги, адамдыгы бир башка.
Эл, журт сүйгөн дили таза бала эле,
Эшик төрү толгон доско, курдашка.

Чоңдор чыны атаңарды көтөрдү,
Өзү дагы иш дегенде көшөрдү.
Өз уулумдан артык көрүп калганмын,
Ал өлгөндө жүрөгүм жүз көзөлдү.

Жакшы адамдын өмүрү эмне кыскабы,
Ал өткөндө айылы бүтүн сыздады.
Киши колдуу болгон дешти, кайрандын,
Өз жанынан чыккан экен душманы.

Иш десе эле билбей таңды, кечти да,
Сөзгө алынып, кадыр-баркка жетти да.
Жыйырма сегиз жашка чыгып болгону,
Кайран бала бала бойдон кетти да-а…

Адатынча жашыйт таенем муну айтып,
Бизди дагы тумчуктуруп, муңайтып.
Атакемдей адам болом деген ой,
Ар учурда келет мени чыңалтып.

Эзелкиден балдар үчүн арналган,
Бул тарбия, эң зор усул тандалган.
Мүмкүн атам катардагы пендедир,
Бирок бизге идеалга айланган.

Бул дүйнөдөн көчүп жаткан аксакалдарды көрүп жүрөк тилинет…

Атактуу ырчы жигит Аскат Мусабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Аскат Мусабековдун айылга каты. Комбайнчы байкелер, акыңарды арзан эле кылгылачы
Э-эх айылым… мен сага барган учурларда сакалы жайкалган тоодой-тоодой болгон абаларым, агаларым катарлашып бул дүйнөдөн көчүп жатканын көрүп жүрөгүм тилинет. Менин сенден кеткениме быйыл 24 жыл болуптур. Бул аралыкта көп нерсе өзгөрдү. Акырындап муун алмашып баратат. Барган сайын мен аларды, алар мени тааныбаган жаш муунга чоочуркай карайм. Демек, азыр мен өзүм чоңогон айылга да чоочунмун. Атаңдын көрү, өз үйүңө да, кичи мекениңе да чоочун болуп калганың кандай арман! Көрсө түрк акыны Назым Хикмет "Туулган жер бир арманым, мен сага бир түп дарак тиге албадым" деп бекер арман кылбаган турбайбы.

Жаңылыктар түрмөгү
0