КРдин соттолуп чыккан жарандарына Британиянын элчилиги жумуш табууга жардам берет

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүИсправительная колония в Приморском крае
Исправительная колония в Приморском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар жумуш орундар жарманкесин уюштуруу айрыкча түрмөдөн жаңы бошонуп чыккандарга багытталышы керектигин белгилешкен.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын соттолуп чыккан жарандарына жумуш таап берүүгө Улуу Британиянын элчилиги жардам берет. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
"Апа, мен күнөөлүү эмесмин!.." Чет жакта соттолуп кеткен кыргызстандыктар
Маалыматка ылайык, түрмөдөн бошогондорду жумуш менен камсыз кылуу маселесин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы элчиликтердин өкүлдөрү жана ишкерлер менен биргеликте тегерек стол үстүндө талкуулашкан.

Жыйын "түрмөгө түшкөндөрдүн санын кыскартуу, соттолуп чыккандарды жумуш менен камсыз кылууну өнүктүрүү жана аларды бошонуп чыккандан кийин тарбиялоо" долбоорунун алкагында уюштурулган.

Катышуучулар жумуш орундар жарманкесин уюштуруу айрыкча түрмөдөн жаңы бошонуп чыккандарга багытталышы керектигин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0