Бишкекте афган согушун эскерген фото көргөзмө өтөт

© Sputnik / А. Соломонов / Медиабанкка өтүүВывод ограниченного контингента советских войск из Афганистана
Вывод ограниченного контингента советских войск из Афганистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмө 1989-жылы Афганистандагы согуштан советтик аскерлердин чыгып кеткендигинин 28 жылдыгына арналат.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Фрунзе үй музейинде "Жүрөк ооруткан Афганистан биздин эсибизде" аттуу фото документалдык көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 1989-жылы Афганистандагы согуштан советтик аскерлердин чыгып кетишине 28 жыл толгонуна арналат.

"Афган согушуна Кыргызстандан жети миңден ашуун адам барып салгылашса, анын 249у мекенге кайтпай калып, төрт мекендеш дайынсыз жоголгон. Көргөзмөгө коюлган сүрөт, материалдарда афган согушунун келип чыгуу себеби, согуштун жүрүшү жана ага катышкан кыргызстандык "афган" ардагерлери тууралуу баяндалат", — деп жазылат маалыматта.

Көргөзмө 14-февраль күнү саат 11.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0