Тумандын айынан Ош аэропортундагы каттамдар убактылуу токтотулду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСамолет во время посадки в сложных метеоусловиях
Самолет во время посадки в сложных метеоусловиях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таң аткандан бери аэропорт рейстерди кабыл алып, жөнөтө албай жатат.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Ош аэропорту аба ырайына байланыштуу убактылуу өз ишин токтотту. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Коюу тумандын айынан таң аткандан бери аэропорт рейстерди кабыл алып, жөнөтө албай жатат.

"Бишкектен уча турган эки рейс токтотулду. Иркутскиден келген учак "Манас" аэропортуна келип конду", — деп айтылат маалыматта.

Туман тарагандан кийин рейстер калыбына келтирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0