БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарынын тургундарына шаардык хатибият тарабынан 200 миң сомдук азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азык-түлүк шаардагы жашоо шарты оор 40 үй-бүлөгө берилген.
Шаардын имамы Мурат Мансуровдун айтымында, кайрымдуулук иш-чарасына Таш-Көмүр шаарынын жеке ишкерлери колдоо көрсөтүп, жетим-жесирлердин маанайын көтөрүү максатында уюштурулган.