Сузактын Алмалуу-Булак айылында электр жарыгы өчүрүлүп, мектеп жабылды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр мамысы. Архив
Электр мамысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сузак райондук мамадминистрациясы элди кооптуу аймакта убактылуу, 2017-жылдын апрелине чейин жашап турууга уруксат берген. Бирок жер көчкү кооптуулугунан улам иш тездетилди.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Былтыр адам өмүрүн алган жер көчкү жүргөн Жалал-Абаддын Сузак районунун Алмалуу-Булак айылындагы элди коопсуз аймакка көчүрүү үчүн электр кубаты өчүрүлүп, айылдагы мектеп жабылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Жер көчкү коркунучунан калкты коопсуз аймактарга көчүрүп чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп, бирок турак-жай салууга бөлүнгөн тилке өкмөттүн жер аянттарын трансформациялоо боюнча чечиминен кеч чыгарылган. Андыктан Сузак райондук мамадминистрациясы элди кооптуу аймакта 2017-жылдын апрелине чейин жашап турууга уруксат берген. 

"Жамгырдын, кардын көп жаашынан, суук болбогондуктан жердин тоңбой, жер көчкү процессинин 2017-жылдын январь айынан башталгандыктан Сузак райадминистрациясы калкты коопсуз аймактарга көчүрүүнү жергиликтүү бийлик органдарына милдеттендирилди", — деп кабарлашты ӨКМден. 

9-февралынан электр энергиясын берүүнү токтотуу райондук электр тармактар ишканасына, Алмалуу-Булак айылындагы Матиев атындагы мектебин биротоло жабуу райондук элге билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилген. 

Эске сала кетсек, былтыр жер көчкү коштогон каргашалуу окуядан окуучу баланы жер көчкү басып калып, каза тапкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0