Кафеде чылым чегүүгө тыюу: тамеки чеккендер менен чекпегендер эмнени билиши керек

© AP Photo / Emilio MorenattiКурение в общественных местах в Барселоне
Курение в общественных местах в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик органдардын имаратында, маршруттук унааларда жана жарандарга кызмат көрсөтүлүүчү жайларда чылым чегүүгө мыйзам менен тыюу салынды.

Кальян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ресторан менен кафелерде кальян жана тамекиге тыюу салууга кандай карайсыз
Жогорку Кеңеште кафе, ресторан жана барларда дагы чылым чегүүгө тыюу салуу менен мыйзамды курчутуу сунушталууда. 

Кыргызстанда 2006-жылы "Жарандардын ден-соолугун чылымдын зыяндуу таасиринен коргоо" мыйзамы кабыл алынган. Үч жыл мурда аталган мыйзамды эске салгысы келген укук коргоо органдары Бишкектин көңүл ачуучу, тамактануучу жайларын рейдден өткөрүп, атайын чылым чегүүчү бөлмөлөрдүн бар-жогун текшерип чыгышкан. 

Ушул күндөрү ал мыйзам тууралуу маселени Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев көтөрүп чыкты. Эл өкүлү мыйзамга оңдоп-түзөөлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Демилгени биринчи окууда ЖКнын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырды. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев
Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев

Эгер мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизсе, кандай өзгөрүүлөр болот? Кыргызстандын кафе, ресторандары буга даярбы? Эл иштеп жаткан мыйзам тууралуу эмнелерди билчү эмес эле? Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул суроолорго жооп издеп көрдү.

Жаңы эрежелер

Эгер кафе, ресторан, бар же башка коомдук тамактануу жайында тамеки чеге турган жер жок болсо, демилгечилер бул имаратта тамеки тартууга таптакыр тыюу салууну сунушташууда.

Азыркы мыйзам боюнча эгер коомдук тамактануу жайы чылым чеккен кардарларды тейлөөнү кааласа, алар үчүн жалпы аянттын 50 пайызынан кем болбогон атайын жай менен камсыздашы керек. 

"50 пайыздан кем эмес жайды ким жана кантип аныктай турганы эч түшүнүксүз. Айрым жайларда оң тарапта тамеки тарткандар, сол тарапта чекпегендер отурат деп шылдың кылышат. Бул негизги түзөтүү. Бирок азыр мыйзам долбоору биринчи окууда гана каралып жатат. Кандай сунуштар түшөрүн, документ даяр болгондо кандай болуп каларын азыр айта албайм", — деди демилгечи депутат Бекешев. 

Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жылына тамекиден 6 миңден ашуун адам көз жумат
Демилге башында эле бир топ өзгөрүүгө дуушар болду. Мыйзам долбоорунун баштапкы версиясында депутат насвайды, кальянды Кыргызстанда өндүрүүгө, импорттоого, сатууга тыюу салууну сунуштаган. Бирок кесиптештери бул саптарды алып салууну айтышкан.

Андан сырткары, мыйзамга "кальян", "кальян үчүн тамеки", "тамеки кошулбаган чегүүчү каражат" деген түшүнүктөр киргизилүүдө. Ал эми электрондук тамеки чеккендер үчүн азырынча эч кандай норма киргизиле элек.

Рестораторлордун пикири

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда 20 миңдей ресторан, кафе жана мейманкана бар. Кыргызстандагы мейманкана, ресторан жана кафе бирикмелеринин башчысы Махабат Алымкулова эгер мыйзам кабыл алынып калса коомдук тамактануу жайлары чыгымга учурай турганын баса белгиледи. Анын айтымында, Россияда дагы ушундай норма киргизилгенден кийин коомдук тамактануу жайлары кирешесинин 25 пайызынан кол жууган. Алымкулова ошондой эле бул мыйзамды аткарууда коррупциялык аракеттер болушу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. 

© Фото / предоставлено Махабат АлымкуловойКыргызстандагы мейманкана, ресторан жана кафе бирикмелеринин башчысы Махабат Алымкулова
Глава Объединения отелей, ресторанов и кафе Кыргызстана Махабат Алымкулова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мейманкана, ресторан жана кафе бирикмелеринин башчысы Махабат Алымкулова

Союз жетекчисинин айтымында, көңүл ачуучу жайларга атайын тамеки тартуучу жай жасоо кымбатка түшүп калат.

"Жакшы жел сордургучтун баасы 1,5 миң доллардан башталат. Бул кытай жабдуусу дайыма техникалык кароону талап кылат. Мисалы, 70 орундуу жай өзүнчө тамеки тартуучу зал үчүн беш миң доллар сарпташы керек. Мунун ичине тосмолор, сордургучтар, ароматизаторлор жана башкалар кирет", — деди Алымкулова.

Ал коомдук тамактануу жайларында тамеки тартууга тыюу салууну туура деп эсептегени менен чылым чегүүгө толук тыюу салынышына каршы.

Мыйзам тууралуу эмнелерди билүү керек

Курение в общественных местах - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: күнүнө тартылган бир тамеки да өлүмдү жакындатат
Мыйзам бузган жеке тараптарга 300 сом, ал эми юридикалык жактарга 2000 сом айып пул салынат.

Мыйзамдын бул редакциясында тамеки тартууга байланыштуу бир катар чектөөлөр каралган. Мисалы, тамекини дааналап сатууга же ичинде 20дан аз тамеки салынган кутуну сатууга тыюу салынат. Мындан тышкары, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдарынан 100 метрге чейинки аралыкта тамеки сатууга болбойт.

Төмөнкү жайларда тамеки тартууга таптакыр тыюу салынат:

  • мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары жайгашкан имараттарда;
  • калкка кызмат көрсөтүлүп жаткан жайларда;
  • турак үйлөрдүн подъезд менен лифтилеринде;
  • саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарында;
  • кинотеатр, театр, спорттук жайлар менен арена, цирк жана башка жабык маданий жана спорт имараттарында;
  • китепканаларда, көргөзмө залдарында жана аудиторияларда;
  • поезд ичинде;
  • суу жана аба кемелеринде;
  • май куюучу жайларда
Жаңылыктар түрмөгү
0