Укалоочу Усенбаев: мен иштеп жатканда кардарларым коңурук тартып уктап кетет

© Sputnik / Табылды КадырбековНевролог-массажист, су-джок терапевт Нуртилек Усенбаев
Невролог-массажист, су-джок терапевт Нуртилек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анча-мынча ооруну дары-дармек, операция жолунан мурун колдун учу менен айыктырууга мүмкүн экен. Укалоо ыкмасынын жол-жобосу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

Невролог-массажист, су-джок терапевт Нуртилек Усенбаевге түрдүү кардарлар кайрылышат. Бири укалоону денени магдыратып эс алдыруу үчүн жасаттырса, экинчиси оорудан айыгуу үчүн келет.

Адис иш маалында кыжырына тийген учурлар, укалоонун түрлөрү, натыйжалары тууралуу айтып берди.

— Укалоо үчүн каалоо керекпи же тажрыйбабы, айтор, билбейм. Менин укалаганымды эч ким деле жактырбайт, колуң жумшак экен деп айтышат. Сиз кандай ойлойсуз?

— Ар бир жумуш адамдын каалоосунан көз каранды. Колдун катуулугунун да мааниси бар. Бейтаптарга көбүнө карылуу, күчтүү колдор жагат. Массаждын негизи отуз түрү бар. Өзүм 13 түрүн жасайм. Ар бири түрдүү чеберчиликти талап кылып, ыкмалары ар түрдүү.

— Бизде кайсы массаждын түрүнө талап жогору?

— Бейтаптар массажга эки учурда гана келишет. Бири — эс алуу болсо, экинчиси — оорудан айыгуу. Азыр омуртка, арка, бел ооруларын дарылоо үчүн жасалуучу массажга көп кайрылышат. Уюп калган жерлерин таап жумшартып беребиз.

— Эл көп жасаткан массаждын түрлөрүн тизмектей кетсеңиз?

Работа родильного отделения Калининградского родильного дома №4 - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Наби Тагиев: акушерлердин эркек болгону жакшы
— Точкалар аркылуу жасалуучу массаж деген бар. Адамдын денесиндеги 350 точканы таап, оорусуна жараша жасайбыз. Ар бирин жатка билишиң керек. Менимче укалоонун татаал түрлөрүнүн бири ушул.

Классикалык массаж чарчоону жазып, кан-тамырларды кеңейтет. Дененин бардык бөлүгүнө жасалат. Көбү бутуна, колуна, далысына жасаттырышат. Мындайча айтканда, эс алдыруучу укалоо болуп саналат.

Арыктатуучу массажды көбүнчө аялдар жасатышат. Алар төрөгөндөн кийин денени бир калыпка келтирүү үчүн, арыктоо максатында кайрылышат.

Массаж үчүн кадимки балды денеге шыбап, банканы, ысык таштарды коюп жасаган ыкмаларыбыз бар.

Бетке атайын жасалуучу косметологиялык массаждар бар. Алар беттин терисин жумшартып, карылыктын алдын алат.

Кореянын су-джок терапиясы эң эффективдүү болуп саналат. Аны кореялык профессор Пак Чже Ву ойлоп тапкан. Мында колу-буттагы точкалар аркылуу оорулардан айыкса болот. Маселен баштын оорусу баш бармакта жайгашкан. Ушинтип оорунун талылуу жерин аныктап алып дарылай беребиз.

Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Рефери Жамиля Боркоева: курсактагы 5 айлык бала менен ринг үстүндө жүрдүм
Урук терапиясында болсо кадимки мөмө-жемиштердин уругу менен жасалат. Маселен, алма, алмурут, күрүчтүкү болушу мүмкүн. Эгер адамдын ичи ооруп жатса ошол жагын ушалап, уруктарды ысытып туруп чаптап коебуз. Эл уруктун кандай пайдасы болушу мүмкүн деп айтса керек. Мисалы, өсүмдүк өсүп жатканда күндүн нуру ага жылуулугун берип өсүп кетишине шарт түзүп берет. Уруктар дагы адамга өзүнүн оң энергиясын берип, терс энергиясын тартып алат.

Ийне менен дарылаган ыкмага да талап жогору. Бирок адамдын температурасы көтөрүлүп турганда, мас абалында, кандайдыр бир шишиктери болсо ийне терапиясын колдонууга тыюу салынат.

Кичинекей балдарды сөөгү туура өссүн, денеси түз калыптансын деп алып келишет. Аларга абдан жагат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНевролог-массажист, су-джок терапевт Нуртилек Усенбаев: точкалар аркылуу жасалуучу массаж деген бар. Адамдын денесиндеги 350 точканы таап, оорусуна жараша жасайбыз. Ар бирин жатка билишиң керек. Менимче укалоонун татаал түрлөрүнүн бири ушул
Невролог-массажист, су-джок терапевт Нуртилек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Невролог-массажист, су-джок терапевт Нуртилек Усенбаев: точкалар аркылуу жасалуучу массаж деген бар. Адамдын денесиндеги 350 точканы таап, оорусуна жараша жасайбыз. Ар бирин жатка билишиң керек. Менимче укалоонун татаал түрлөрүнүн бири ушул

— Бул укалоо деле физикалык күчтү талап кылат экен. Чарчаган учурларыңар көп болобу?

Модель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө
— Мурун жаңы иштеп баштаганда 10 минутадан кийин эле колдорум чарчап калчу. Экинчи кардар келгенде өзүмдү кыйнап эле жасачумун. Азыр көнүп калдым. Мурун адамдын терс энергиясын укалоочу тартып алат дегенге ишенчү эмесмин. Анан үйгө келгенде колдорум, далым уюп калганын байкай баштадым. Азыр башкалардай эле массаж жасап бүткөндөн кийин колдорумду күүп терс энергияларды чыгарып коем.

— Ар бир жумуш психологиялык чыдамкайлыкты талап кылат эмеспи. Ошентсе деле кардарлар кайсы учурда сиздин кыжырыңызга тиет?

— Айрым учурда массаж жасап жатсаң денесинен кирлер чыккан учурлар болот. Албетте, мурдумду чүйрүбөйм, бирок бир аз жагымсыз туюлат.

Кардар сага кантип жасашты үйрөтүп жатса "өзү эле жасап албайбы" деп ичиңен ойлойсуң.

Бир массаж жасагандан кийин кардар "өзүмдү мурдагыдай эле сезип жатам" дейт. Анан бардыгы эле бир күндө жакшы болуп кетпейт деп айтабыз.

Массаж учурунда көбү магдырап уктап кетет. Кээде коңурук тарта башташат. Мындайда адамды дароо ойготуп жиберген болбойт. Бир аз күтө турам.

— Чакыруу менен үйлөргө барып дагы иштейсиңерби? Кокус бир нерсе болсо коопсуздугуңарды ким мойнуна алат?

Руководитель Школы пациентов Айгуль Кулдаева - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Кулдаева: себеби жок капалануу эмчек рагына алып келет
— Студент кезимде интернетке жарнама берип үйгө барып жасап берчүмүн. Бир жолу кечки тогуздарда бир мейманкананын администратору "кардарларыбызга келип массаж жасап бересиңерби" деп байланышып калды. Ичимен кеч да болуп кетти деп кызматымдын акысын эки эсе көтөрдүм. Ага деле макул болушту. Мейманкананын дарегин тактагыча, кардарлар ким деп сурасам, эки эркек киши дешти. Анан коркуп кетип эле жок барбайм, кечирип койгула жумушум чыгып калды деп трубканы коюп салдым. Ошондон кийин өзүмө сак болуп, кардарларды деле мүнөздөп калгам.

— Негизи укалоодо балдарга караганда кыздарга талап көбүрөөк болсо керек деп ойлойм? Анткени бардыгына эле назик, денеге рахат тартуулаган колдор керек да?

— Классикалык массаж, башкача айтканда, эс алдыруучуу түрү болсо көбү назик колдорду сурашат. Бирок дарылоочу түрү болсо эркектин колдорун туура көрүшөт. Толугураак адамдар үчүн да карылуу кол болгону оң. Анткени көп учурда катуураак жаса, сезбей жатам деп айтышат.

Анан, албетте, жоолукчан кыздар болсо эркек балдарга жасаттырышпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0