Санариптик телеберүүдө эки күн көйгөй жаралат

Жазылуу
15-майдан тарта Кыргызстан аналогдук телеберүүдөн санариптик теле берүүгө өтөт. Андыктан тийиштүү жабдууларды оңдоо иштери аткарылууда.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 16-17-февралда санариптик телеберүүнүн социалдык пакетине кирген телеканалдар маал-маалы менен жеткиликтүү болбой, көйгөй жаратышы ыктымалдыгын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

15-майдан тарта Кыргызстан аналогдук телеберүүдөн санариптик берүүгө өтөт. Учурда РПО РМТР ишканасы жабдууларды оңдоо иштерин аткарууда. Андыктан санариптик телеканалдардын көрсөтүүсүндө үзгүлтүккө учуроо болуп жатат.

"Жабдууларды жакшыртуу боюнча иштер аткарылууда. Ал 16-17-февралда да улантылат. Андыктан техникалык мүчүлүштүктөр кетиши ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

РПО РМТР ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0