Кара-Суу: "жоголгон" 11 депутаттын айынан айыл өкмөт башчысы шайланбай калды

Жазылуу
Шарк айыл өкмөт башчысын шайлоо бүгүн саат 9.00дө башталышы керек болчу. Бирок 31 депутаттын 18и гана катышкандыктан кворум түзүлбөй калган.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинин 11 депутаты 10 күндөн бери дайынсыз. Мунун айынан бүгүн айыл өкмөт башчысы шайланбай, ага кошо айылдык кеңеш дагы тарап кетүү алдында турат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган айылдык кеңештин депутаты Алмаз Аман уулу билдирди.

Белгилей кетсек, Шарк айыл өкмөт башчысын шайлоо бүгүн 16-февралга белгиленген болчу.

Подготовка к выборам в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо шарапаты: айыл өкмөткө эл өктөмдүк кылабы же депутаттарбы
"Кесиптештерибиз менен он күндөн бери байланыша албай жатабыз. Бизге эч кандай себептерин айтышкан эмес, телефондору өчүрүлгөн, үйлөрүнө барсак бири ооруканада жатат десе, экинчиси Тажикстанга эс алууга кетти, дагы башка иштери менен жүрөт деп кабарын айтпай жатышат. Бүгүн алардан башка дагы эки депутат келбей коюп, 31 депутаттын 18и гана отурабыз. Бул нерсе айылдык кеңешти таратуу максатын көздөгөн кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн атайын жасалып жатат деп ойлойм" — деди депутат.

Мыйзам боюнча айыл өкмөт башчысын шайлоого 31 депутаттын 21и катышса кворум түзүлмөк. Ал эми добуш берүү бүгүн саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлүүсү керек болчу.

БШКнын Кара-Суу району боюнча шайлоо коммисиясынын төрагасы Назарбек Султанов жыйынга 17 гана депутат катышкандыктан айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

"Депутаттар кайрадан шайлоо өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышты. Эми алар дагы бир күндү бекитип берет же айылдык кеңешти таратып кайра башынан шайлоо өткөрүүнү карап чыгат" — деди Султанов.

Ошондой эле ал Шарк айыл өкмөт башчысын шайлоо бүгүн экинчи ирет өтүп жатканын белгиледи. Биринчисинде талапкерлер мыйзамда көрсөтүлгөн 50 пайыздык добушту ала алган эмес.

Ал эми Ош ШИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев 11 депутаттын жоголгондугу туурасында териштирүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

"Бизге 11 депутаттын жоголгондугу туурасында расмий түрдө эч ким кайрылган эмес. Бирок ЖМКларга чыккан маалыматтар боюнча териштирүү жүргүзгөнүбүздө жакындары аларды Тажикстанга эс алууга кеткенин айтып, 16-февралда айыл өкмөт башчысын шайлоого келерин билдиришкен" — деди Аширбаев.

Ал учурда аталган аймактагы кырдаал тартип коргоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0