Дарыгер. Архив

Түркияда сабалып, комага түшкөн кыргызстандык кыз ооруканадан чыкты

746
(жаңыланган 11:50 17.02.2017)
Былтыр декабрь айынын акырында эс-учу жоголгончо сабалган кыргызстандык кыз Анталья — Коркутели автожолунда табылган болчу. Ал Антальядагы Акдеңиз университетинин ооруканасына алып келинген.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Антальяда сабалып, жолго ташталган 22 жаштагы кыргызстандык кыз ооруканадан 58 күндөн кийин чыкты. Эми ал дарылануусун үйдө улантарын DHA маалымат агенттиги билдирди. 

Эске салсак, былтыр декабрь айынын акырында эс-учу жоголгончо сабалган кыргызстандык кыз Анталья — Коркутели автожолунда табылган болчу. Ал Антальядагы Акдеңиз университетинин ооруканасына алып келинип, кызды сабады делгендер да кармалган

Кыргызстандык кыз ооруканага жаткырылгандан кийин мээсине үч жолу операция жасалды. Комада 33 күн жатып, өзүнө келгенден кийин палатага которулган

"Кыргызстандык бейтапка жардам берген бардык дарыгерлерге жана ага кол сунган бардык адамдарга рахмат айтты", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандык кызга жардам берип жаткан Халит Мерттин айтымында бейтап өз алдынча сүйлөп, тийиштүү органдарга сурак бергенге чейин Түркияда болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Учурда кыргызстандык кыз жана анын үй-бүлөсү Антальяда Хамди деген кишинин үйүндө жашап жатышат", — деди ал.

Кыздын ата-энеси анын жакын арада бутуна туруп басып кете турчу күнү дагы алыс эмес экенине үмүттөнөрүн айтышкан.

 

746
Белгилер:
бейтап, Анталья
Тема:
Антальяда сабалган кыргызстандык кыз (8)
Тема боюнча
Антальяда комада жаткан кыргызстандык кыз реанимациядан палатага которулду
Антальяда сабалып жолго ташталган кызга операция жасалды
Уктап жаткан кыз. Архив

Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болот. Адистин кеңеши

0
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.

Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.

"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.

Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.

Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.

0
Белгилер:
кеңеш, көнүгүү, уйку
Тема боюнча
COVID-19дан кийин мээни кантип калыбына келтирүү керек? Неврологдун кеңеши
Рактын этибар албаган беш белгиси аталды
Бутакта конуп турган чымчык. Архив

Жаздын биринчи күнүнө карата аба ырайы

15
Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Өлкө аймагында жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 1-мартта күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8..+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын жергесинде -3...+2 градус болот.

Бул күнү термометр Бишкекте +8...+10, Ошто +10...+12 градуска көтөрүлөт.

15
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Жаздын алгачкы жумасына карата аба ырайы