Атамбаевдин мурдагы жан сакчысына карата кылмыш иши козголушу мүмкүн

Жазылуу
Текшерүү учурунда Эркин Мамбеталиев менен жан-жөкөрлөрүнөн мыйзамсыз алып жүргөн курал-жарак табылган.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевге карата курал-жаракты мыйзамсыз сактоо айыбы боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Азамат Ногойбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги темир жол вокзалы жактан тапанча алып жүргөн киши кармалды
Мамбеталиев жан-жөкөрлөрү менен бараткан эки автоунаадан аңчылык мылтыгы менен травматикалык курал табылып, айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн аларды алып жүрүүгө уруксат берген документи болгон эмес. Кармалгандар Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына алып келинип, сурактан кийин коё берилген.

Ногойбаевдин айтымында, кармалгандарга унаага чоочун номерди тагып, терезелерди караңгылатканы үчүн 14 миң сом айып салынган.

"Аларды Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгында кармап турууга негиз болгон. Курал-жарактар алынып, автоунаа айып короого киргизилди. Аталган факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Куралды мыйзамсыз алып жүрүү боюнча айып пул салына элек. Кылмыш иши козголушу мүмкүн", — деди ал.

Эскерте кетсек, Мамбеталиев жакындары менен 16-февралга караган түнү кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0