Чет өлкө кыргызстандыктар үчүн бөлгөн гранттык орундар. Окууга өтүүнүн шарт-талабы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүБүтүрүүчүлөр. Архив
Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окууда жетишкендиктери мыкты болуп, чет тилде эркин сүйлөй алган жаштар үчүн азыр мүмкүнчүлүктөр кенен. Адистердин айтымында, мындай талаптарга төп келген студенттер дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларда бекер окуп, ай сайын миң долларга чейин стипендия алууга жолдор ачык.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан гранттык негизде кайсы өлкөлөрдө билим алууга болорун жана мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоо үчүн кандай аракеттерди көрүү керектигин тизмектеп берүүгө аракет кылды.

Япония

Бул жактан кыргызстандыктар бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча билим ала алышат. 2016-жылы элчилик аркылуу онго жакын кыргызстандык Япониядан окууга жолдомо алган. Кабыл алуудагы талап күчтүү. Айта кетчү жагдай, Японияда окуу жылы апрель айында башталат. Мындан улам тиешелүү документтерди кабыл алуу иши май айына туура келет. Талапкерлерди кабыл алуу, аларга тиешелүү кеп-кеңеш берүү ишин Япониянын Кыргызстандагы элчилиги жүргүзөт.

Астанадагы Назарбаев университетинде иштеген кыргызстандык профессор Дүйшөн Шаматов - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы кыргыз профессор: казактар бир туугандык кылганда жашыдым
Ал эми магистратура жана докторантурага өтө турган жарандардын окуу маалында аткара турган илимий иши негиздүү болуп, жакшы темаларды сунуштоосу зарыл. Студентке ЖОЖдор тарабынан бардык шарттар түзүлүп, толук каржыланат. Мисалга, авиабилет, медициналык камсыздандыруу жана жатакана менен камсыздалып, ай сайын 1000 долларга чейин стипендия берилет. Студенттер өзү тандаган кесибине жараша университет тандоосу керек. Андан сырткары, тандаган ЖОЖдун эл аралык бөлүмүнө дагы кат жазып өтүүгө болот.

Эскерте кетчү учур Японияда окуучулар мектепте 12 жыл билим алышат. Буга байланыштуу бакалавр боюнча билим алууну каалагандар ал жакта бир жыл япон тилин үйрөнүүсү керек.

Кандай документтер талап кылынат:

  • Аттестат же диплом;
  • Талапкер тууралуу анкета;
  • Англис тилин тастыктаган TOEFL сертификаты;
  • Медициналык маалымкат;
  • Сертификат, жарыяланган макала же чыгармалар;
  • Ошондой эле тандаган адистиктерге жараша кошумча тесттер дагы тапшырылат.

Европа

Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык хирург африкалыктарды кантип дарылап жатканын айтып берди
Европа өлкөлөрүнөн билим алууга кыргызстандыктар үчүн мүмкүнчүлүктөр кенен. Ошол эле маалда ал жакта бекер окуп, стипендия алуу мүмкүнчүлүгү оңой турбайт. Анткени студенттер сынактан кийин гана тандалып алынат. Тиешелүү документтерди кабыл алуу иши жыл сайын күздө башталып, университет жана программалардын өзгөчөлүгүнө жараша сынактар жыл бою өтөт. Алсак, өткөн жылы Евробиримдиктин Эразмус+ программасынын алкагында 17 кыргызстандыктын европалык ЖОЖдордон билим алуусуна жол ачылган. Аталган программа Кыргызстанда билим берүү багытында ишмердүлүүгүн акысыз жүргүзүп, Европадагы окуу жайларга студенттердин өтүүсүнө жардамдашат.

Ал жакта окууну каалагандар медицина, экономика, энергетика, укук, туризм, бизнес жана инженерия адистиктери боюнча билим ала алат.

Кандай документтер талап кылынат:

  • Атестат же диплом;
  • Эссе;
  • TOEFL сертификат;
  • Резюме;
  • Коомдук иштерге активдүү катышкандыгы тууралуу сертификаттар;
  • Магистранттарда жүргүзө турган илимий иштин темасы;
  • Илимий жетекчиден же мугалимден сунуш кат;

Андан сырткары, Бишкекте Германиянын маалыматтык борбору дагы (DAAD) иштейт. Мекеме Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы академиялык байланыш боюнча иш алып барат. Борбор жыл сайын кыргызстандык студенттер үчүн түрдүү адистиктер боюнча 90го жакын гранттык орундарды сунуштайт. Бирок азырынча 2017-18-окуу жылына бөлүнгөн гранттык орундардын саны белгисиз. Германияда окуйм деген кыргызстандык студенттер менен мектеп окуучулары төмөндөгү документтерди тапшыруусу керек.

  • Резюме;
  • Умтулуучу кат;
  • TOEFL сертификат же немис тилин билгендиги боюнча OnDaF (www.ondaf.de) тесттин тапшыруу;
  • Медициналык маалымкат;

Венгрия

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
Быйыл ошондой эле Венгриянын Социалдык ресурстар министрлиги кыргызстандык студенттерге өкмөттүк Stipendium Hungaricum Programme программасынын негизинде 25 гранттык орун берди. Анда бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча билим алууга болот. Каттоо онлайн жүргүзүлүп, документтерди Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине 5-мартка чейин тапшыруу керек. Ал эми талапкерлерди тандоо ишин Венгриянын ЖОЖдору өткөрөт.

Бакалаврга 10 орун айыл-чарба, инженерия, маалыматтык технологиялар, табигый, коомдук, экономикалык жана спорттук илимдер боюнча берилген. Ушул эле багыттар боюнча магистратурада да 10 орун, ал эми докторантура үчүн беш орун бар.

Ал жакта окууну каалагандар төмөнкү документтерди аталган программанын www.stipendiumhungaricum.hu сайтына англис тилинде, ошондой эле КР Билим берүү жана илим министрлигине орус тилинде жиберүүсү керек.

  • Умтулуучу кат;
  • Атесстат же диплом;
  • Арыз;
  • Өмүр баян;
  • Чет тилди билгендиги тууралуу сертификат;
  • 3х4 форматындагы сүрөт;
  • Медициналык маалымдама;
  • Чет элдик паспорт көчүрмөсү;

Сынактан өткөн жарандар бекер окуп, жатакана менен медициналык камсыздандырууга ээ болот. Андан сырткары, бакалавр жана магистратурада окугандарга ай сайын 130 евро жана докторанттарга 450 евро стипендия төлөнөт.

Сынактын жеңүүчүсүнө эл аралык транспорттук чыгымдар төлөнөт.

Россия

Чехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда Евробиримдиктин Эразмус Мундус долбоору аркылуу окуп жаткан кыргызстандык студент Айгерим Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Чехияда окуган Айгерим: 1000 евро стипендия алып, бай чехтердин катарындамын
Россия Федерациясы дагы кыргызстандыктар үчүн 2017-18-окуу жылына гранттык негизде 400 орун бөлгөн. Ал орундар айыл-чарба, маданият, инженердик иш, гуманитардык, техникалык жана табигый илимдер боюнча берилген. Арасында магистратура жана аспирантура боюнча дагы орундар бар. Бирок учурда ал орундарга жарыяланган сынактарга каттоо аяктап калды. Ошондой эле арасында КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн жарыяланып, документтерди кабыл алуусу соңуна чыга элек сынактар дагы бар. Чет элдик жарандарды ЖОЖдорго кабыл алуу ишмердүүлүгүн Бишкектеги Россиялык илим жана маданият борбору жүргүзөт.

Казакстан

Коңшу Казакстан да өз ЖОЖдорунан жыл сайын беш гранттык орун бөлөт. Ал орундардын багытын жана кайсы университеттен бериле тургандыгын казак тарап жазында маалымдайт. Ал эми талапкерлер арасындагы сынакты Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзүп, жыйынтыкталган тизме Казакстанга сунушталат.

Кандай документтер талап кылынат:

  • Паспорт көчүрмөсү;
  • Аттесттат же сабактагы жетишкендиктери тууралуу маалымдама;
  • Медициналык маалымкат;
  • Тиркелген анкетаны толтуруу;
  • Министрдин атына арыз жазуу керек;

Белоруссия

Белоруссиянын өкмөтү да жыл сайын 10 гранттык орун берет. Азырынча саны жана адистиктери тууралуу билдирүүнү Белоруссия тарата элек. Бул орундарга талапкерлерди КР Билим берүү жана илим министрлиги аныктап, Белоруссия тарапка сунуштайт.

Кандай документтер талап кылынат:

  • Паспорт көчүрмөсү;
  • Аттестат же сабактагы жетишкендиктери тууралуу маалымдама;
  • Медициналык маалым кат;
  • Тиркелген анкетаны толтуруу;
  • Министрдин атына арыз жазуу керек;

Түркия

Жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү - Sputnik Кыргызстан
Студенттик кез: сары чач эже, "акшыңдаган" кыздар, бир бөтөлкө вино
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы 1996-жылы түзүлгөн макулдашуунун негизинде кыргызстандык студенттер үчүн акысыз билим алууга орун бөлөт. Учурда "Түркия стипендиялары" (Turkiye Burslari) программасынын алкагында документтерди кабыл алуу иши башталып, 17-февралга чейин уланат.

Каттоо иши www.turkiyeburslari.gov.tr сайтында онлайн жүргүзүлөт. Документтер кабыл алынган соң, тандалган талапкерлер маектешүүгө чакырылат. Жыйынтыктоочу чечимди Түркия президентинин алдындагы билим берүү кеңеши кабыл алат. Гранттык орунга ээ болгон студенттер жатакана менен камсыздалып, 700 лирден 3 миң лирге чейин стипендия алышат. Андан сырткары окуу башталганда жана аяктаганда авиабилет менен камсыздалат.

Талап кылынган документтер:

  • Аттестат, диплом же зачет китепчеси;
  • TOEFL же IELTS сертификаты;

Чет өлкөдө билим алууну каалагандар эмнелерди эске алуусу керек? Адистердин кеп-кеңеши

Гранттык орундарга документтер күз мезгилинде кабыл алына баштайт.

Гранттык орундар боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылууга болот. Бирок айрым өлкөлөр студенттерди кабыл алуу ишин элчиликке тапшырган. Мисалга, Япониянын Кыргызстандагы элчилиги ал жакта окууну каалагандарга түзмө-түз жардам берет.

Гранттык окуулардын көбү англис тилинде жүрөт. Андан сырткары, окуй турган ЖОЖго жараша тил билгениңизге дагы артыкчылык берилет. Мисалы, Германияга окуу үчүн немис тилин билүү өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Чет өлкөлүк университетти тандоодо окуу процесси кайсы тилде жүргүзүлө тургандыгын тактоо зарыл. Анткени айрым ЖОЖдор англис тили менен эле чектелбейт.

Обучение студентов в Бауманском университете - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Россиянын окуу жайлары кызматташуу боюнча келишимге кол койду
Айрым тандоо программаларына катышууда белгилүү бир адистик боюнча бир нече сынакта өз күчүңүздү сынасаңыз болот. Мунун аркасында акысыз орунга өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү кеңеет.

Сынактарда эң башкысы окуудагы жетишкендиктер эске алынат. Ошондой эле студенттин ыктыярчылык жана коомдук иштердеги активдүүлүгү дагы каралат.

Колдон келишинче документтерди көп жерге жиберүүгө аракет кылыңыз. Анткени айрым университеттерде атаандаштык күчтүү болсо, дагы биринде катышкандар аз болуп ал жакка өтүп кетүүгө оңой болот.

Эгер магистратура же докторантурага тапшырууну максат кылсаңыз окуу маалында аткара турган илимий ишиңиз негиздүү болушу талап кылынат. Андыктан изилдөөнү тандоого жана сунуштоого жакшы көңүл буруу зарыл.

Өз алдынча гранттык орундарды интернеттен издеп, сынактарга катышуу дагы жакшы жыйынтык берет. Ошондуктан колдон келишинче болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын пайдалануу керек

Чет өлкөлүк университеттер тандаган адистик боюнча дагы атайын тесттерди сунуштайт. Мисалга, медицина багыты боюнча химия, биология же техникалык адистиктерге физика боюнча тесттер тапшырылат. Андыктан ага дагы даяр болуш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0