Үч күндөн кийин Кулатов көчөсү бир тараптуу болот

© Sputnik / Григорий Собченко / Медиабанкка өтүүЖол белгиси. Архив
Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган көчөдө тийиштүү жол белгилери коюлуп, жол чырактын иши дагы өзгөртүлдү.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 20-февралдан тарта борбор калаадагы Төрөбай Кулатов атындагы көчө бир тараптуу болорун Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим вице-мэр Геннадий Милицкий башында турган шаардагы жол-транспорт маселелерин караган туруктуу комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бир тараптуу көчөдө унаалар Ибраимовдон Элебесовго карай түндүк тарапка бет алат.

"Шаардык кызматтар тийиштүү жол белгилерин коюп, Кулатов көчөсүндөгү светофордун иштөө мөөнөтү дагы өзгөртүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Киргизилген өзгөртүүлөр жол кыймылын жөнгө салгандар жана айдоочулардын ыңгайлуулугу үчүн жасалып жатат.

Мыйзамга ылайык, карама-каршы келе жаткан тилкеге чыккан айдоочуга 1000 сом айып пул салынат. Мындан улам мэрия чечим күчүнө киргенден кийин айдоочуларга этият болууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0