Авиакырсыкта жабыркаган жаран. Архивдик сүрөт

Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 91 млн. сом чогулду

74
(жаңыланган 19:39 17.02.2017)
16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон. Үй-жайсыз калган жарандар "Семетей" мейманканасына убактылуу жайгаштырылган.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган ӨКМдин атайын эсебине 91 миллион 251 миң 452 сом чогулду. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Эске салсак, 16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон.

"Атайын эсеп ачык. Каалаган жеке жана юридикалык тараптар каражат которо алат", — деп айтылат маалыматта.

Акча которууну каалагандар үчүн:

  • Эсеп номери 4407012100007868 КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы
  • БИК 440001,
  • Эсеп коду 14238900.
  • Ош шаары Моминов көчөсү,
  • 11 ОКПО 22710535 ИНН 00103200110150
  • Код УГНС 032

Акча ар кыл валютада — сом, рубль, теңге, доллар, евро, юань түрүндө кабыл алынат.

Дача айылындагы авиакырсыктан кийин кандай иштер жасалганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

74
Белгилер:
сом, доллар, атайы эсеп, ӨКМ
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (226)
Тема боюнча
Учак жүргүнчүсүнө жардам көрсөткөн Медакадемиянын студентине сый акы берилет
Учак кырсыгынан жабыркагандар ишине жакын батирлерге убактылуу көчүрүлөт
Учак кырсыгынан жаракат алган он киши ооруканадан чыга элек
Ырчы Анжелика Кайратова. Архив

"Айламды таппай калдым". Ырчы Анжелика улуу кызынын да моюну сынганын билдирди

45
(жаңыланган 22:39 27.01.2021)
Ырчы 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Кайратова Анжелика (@anjelika_kairatovna_official)

Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.

"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы. Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды ырчы.

Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.

45
Белгилер:
операция, кыз, ырчы, Анжелика Кайратова, жол кырсык
Тема боюнча
Жол кырсыгына кабылган Анжелика Кайратовага шашылыш операция жасалды
Анжелика менен кызы реанимацияда. Кичүү кызына бүгүн операция жасалат
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов. Архив

Анаркулов: инаугурацияга чакырылгандардын баарынын ПЦР-анализи таза чыкты

16
(жаңыланган 22:01 27.01.2021)
Президенттин кызматка киришүү үчүн ант берүү аземине ар кайсы катмардагы миңден ашуун мейман чакырылган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.

Президенттик кызматка киришүү үчүн ант берүү аземине катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.

16
Белгилер:
ПЦР-тест, коронавирус, инаугурация, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун инаугурациясы
Тема боюнча
Чепкен жапмай, аластоо жана ыңгайсыз жагдайлар... Эл эсинде калган инаугурациялар
Депутаттарга Жапаровдун инаугурациясына жеке унаа менен келүүгө тыюу салынды
ИИМ: инаугурация күнү кортеж өтүп, жолдор бир нече секундга гана жабылат