Сурабалдиева: убагында Кыргызстанга кайтып келбейм деген ойлор болгон

© фото предоставлено Эльвирой СурабалдиевойПисьмо себе в прошлое: депутат и предприниматель Эльвира Сурабалдиева
Письмо себе в прошлое: депутат и предприниматель Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
38 жаштагы Элвира Сурабалдиева үй-бүлөлүк бизнести ийгиликтүү улантып, коомго салым кошкондордун бири. 2005-жылы атасы Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгондон кийин 26 жашынан баштап "Кудайберген" базарын башкарып калган. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты.
Элвира Сурабалдиева: "эрке кыз эмнени кыйратат" дегендер болгон

Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева менен журналист Гүлдана Талантбекова бетме-бет отуруп саясаттан тышкаркы темаларда маектешти. Ал студенттик кезинен тарта депутаттык жолуна чейин, жеке жашоосу, сүйүүсү жана эмне себептен учурда "Кудайберген" базарын жетектебей калганын айтып берди.

Адатта мен жүргүзгөн маектер бир саатка уланса, Элвира айым менен болгон маек эки сааттан ашык созулуптур. Бетке айтып, шар сүйлөп, ишин бат-баттан бүтүргөн айым менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүбүз кызык болуп жатса кофеден ысык даярдап, экранга жакын отуруңуз.

— Элвира айым, редакцияга кош келиңиз! Бир аз сыркоолоп турганыңызды көрүп турам. Убакыттын тардыгынан, жумуштун көптүгүнөн ден-соолукка жетиштүү көңүл бура албай калган учурларыңыз көп болсо керек?

Презентация проекта под названием Войлочный мир — дух кочевья в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Рейтинг: үй-бүлөнү эркек гана башкарган Кыргызстандын аймактары
— Рахмат! Мен психологиялык жактан көбүрөөк чарчайм десем туура болот. Парламентке келгенден бери элге көп чыгып калдым, жолугушуулар көп болот, ар кандай тагдырларды көрүп зээниң кейийт. Кээде маселени тез аранын ичинде чече албай калган учурларың болот. Мурун телевизордон депутаттарды көргөндө "эл өкүлү болуп алып эмнеге маселени чече албайт" деп ойлочумун. Көрсө жаш экенбиз. Тарыхка көз чаптырсак чоң мамлекеттер өнүгүү жолуна түшкөнгө чейин жүздөгөн жылдарды басып өтүптүр. А биздин эгемендик алганыбызга болгону 25 жыл толду. Кээде ушинтип өзүмдү алаксытып, келечек дагы алдыда деп коем.

— Иштегенди билген адам, эс алганды да билиши керек деп коет эмеспи. Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

— Бир жылдан бери жакшы эс ала элекмин. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү комитеттерде иштейбиз, шаршемби менен бейшембиде палатада отурум, жума күнү фракциянын жыйындары өтөт. Ишемби күнү элди кабыл аласың же кийинки жумага даярданасың. Жекшемби күнү болсо үй тазалап, кир жууп, майда-барат иштерди бүтүрүү менен алекмин. Кээде досторум менен бир жактарга барып отуруп келем. Алар жөн отурбай "силер депутаттар мындайсыңар" деп тамашалап баштаганда "келгиле, жумуш тууралуу сүйлөшпөй эле коелучу" деп калам.

Ак үйдүн көйгөйүн ошол жакка калтырып, үйгө жаңы ой менен келгенге тажрыйбам жетишпей жатат. Апам үйгө болгон көйгөйдү ала келесиң деп айтып калат. 

© SputnikЭл өкүлү Элвира Сурабалдиева: кээде досторум менен бир жактарга барып отуруп келем. Алар жөн отурбай "силер депутаттар мындайсыңар" деп тамашалап баштаганда "келгиле, жумуш тууралуу сүйлөшпөй эле коелучу" деп калам
Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева: кээде досторум менен бир жактарга барып отуруп келем. Алар жөн отурбай "силер депутаттар мындайсыңар" деп тамашалап баштаганда "келгиле, жумуш тууралуу сүйлөшпөй эле коелучу" деп калам

— Үй жыйнап, кир жууйм деп калдыңыз. Атайын кызматчыларыңыз жокпу?

— Жумасына бир жолу келип жардамдашып турган кыз бар. Аны деле эки жума мурун дос кызым аркылуу сүйлөшүп алып келдим. Батирим анча чоң эмес. Апам алаксуу үчүн кара жумуш жасаган пайдалуу деп калат. Бир жыл мурун үйдөн бөлүнүп кеткем. Борбордогу батиримде жалгыз жашайм. Жумуштан кеч келем. Анан телевизор көрүп, интернеттеги маалыматтарды карайм. Депутаттын иши бир чети журналисттердикине окшошуп кетет. Коомчулукта болуп жаткан жаңылыктардан артта калбаганга аракет кылышың керек. Телефонума чалуулар көп келет. Чарчаганда жооп бербей коеюн дейсиң, бирок уятың чыдабайт. Эми жок дегенде тогуздан кийин телефонду такыр эле өчүрүп же үнүн басып коюну ойлоп жатам.

— Көбүнчө сыртта жүрсөңүз, үйдөн тамактанганга жетишесизби?

— Кечки тамакты жол тыгынга байланыштуу сырттан жегенге үлгүрбөй калам. Андан көрө үйгө келип бир нерсе жасап, ал бышкыча каттарга жооп берген ыңгайлуу.

— Кандай тамактарды жасап жейсиз?

— Түштө Ак үйдөн тамактанабыз. Сүттөн жасалган тамак-ашты жебейм. Этти жакшы көрөм. Бирок үйдөн боркулдатып үч-төрт саат бышырбайм. Эртең менен этти холодильниктен чыгара кетип, кечинде келгенде куурма тамак жасап жейм. Элдей болуп лагмандын этин бир саат туурап, камырын эки саат чойгудай убакыт деле жок. Рагу, макарон жасап же шорпо бышырып нан менен жеп алам. Негизи күчтүү тамак жегенди жакшы көрөм. Кээде толуп кетпесем экен деп кейип калам (күлүп).

— Спорт залга барып турасызбы?

— Жогорку Кеңешке келгенге чейин жумасына үч жолу спорт залга барып турчумун. Ал ортодо лыжа тепкенге барганда жыгылып кетип белимди оорутуп алгам. Эми убакыт таап кайрадан барайын деп жатам. Атам дзюдо, самбо боюнча спорт чебери болгондуктан бизди таң эрте тургузуп чуркатып, көнүгүүлөрдү жасаттырчу. Азыр кеч жаткандыктан бала кездегидей саат алтыда тура албайм. 

— Батирде жалгыз жашайм деп калдыңыз. Жалгыздыгыңыз көп билинбейби?

— Апам, туугандарым, досторум зериктирбейт. Апам бат-баттан чалып турат. Үйгө эки-үч күн барбай калсам өзү келет. Бир жума барбай калсам мага чалып "өзүмдү жаман сезип жатам…" деп бир аз амалкөйлөнүп калат. Барсаң жарым сааттай кабагын бүркөп, анан ачылат. Атам каза болгондон кийин баарыбыз апамдын көзүн карап калдык.

Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Рефери Жамиля Боркоева: курсактагы 5 айлык бала менен ринг үстүндө жүрдүм
Бирок үйгө барганда жумушумду апамдар менен талкуулабайм. Анткени, бир жылдары дары-дармек департаментин бир коррупционер байке башкарып турганда элдин нааразычылыгы күчөп, биз ошол суроо менен алек болуп жаткан кезде апам кошо аралашып "жаман көрүнүп эмне кыласың, ал да бирөөнүн баласы " деп оюмду өзгөртөйүн деп аракет кылган. Анан жай отуруп сүйлөшүп алдык, азыр унчукпайт. Апам биринчиден, менин коопсуздугума сарсанаа болду. "Баарын тарс этип эле бетке айтып саласың, салмактуу бол, эки жакты ук" деп кеңешин берип калат. Апам өзү сабырдуу, мен болсо атамды тарткам. Бирок турмуш адамды өзгөртүп, тарбиялайт экен.

Иним отуз жашта. Жаштардын арасында болуп жаткан сөздөрдүн баарын ошондон угам. Менден кийин эки сиңдим бар. Алар социалдык тармактарда отурушпайт. Жеке ишкерлик менен алектенишип, элге чыкканды көп жактыра беришпейт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеште ант берип жатат
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеште ант берип жатат

— Жеке жашооңуз тууралуу суроо узаткым келип турат. Азыр башыңыз бош экенин билем, мурун турмушка чыктыңыз беле?

— Сегиз жыл мурун турмушка чыккам. Жолдошумдун биринчи аялы каза болуп калган экен. Баласы бар болчу. Чогуу бир жылдай эле жашадык. Экөөбүздөн тең ката кетти. Мындан улам бири-бирибизди кыйнабай сый эле ажырашууну туура көрдүк.

— Азыр эми жеке жашоо тууралуу ойлонуп жатасызбы?

— Шайлоо учурунда Сокулукта жүрсөм бир чоң ата "кызым, кайын журт кайсы жерден" дегенинен, "жолдошум жок, ажырашып кеткем" десем, "депутат болсоң бат эле турмушка чыгып аласың" деп тамашалап калды. Чындыгында депутат болгондон кийин көңүл бургандар көп болот экен. Бирок жоопкерчилик деген бар. Анын үстүндө колуң дагы бошобойт.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү эң мыкты беш балбандын катарына кирди
Жакында биздин парламенттеги эң жаш депутат Айсулуу Мамашева турмушка чыккан. Карап отурсак жаштардан мен эле калыптырмын. Кесиптештерим "Элвира, сен талаптарыңды айтып койбойсуңбу, биз таап берели" деп тамашалап калышат.

Ар бир адамдын маңдайына жазылган тагдыры болот экен. Ажырашкандан кийин өзүмө келип, кетирген каталарды ойлоп, чечимдерди чыгаргыча бир топ жыл өтүп кетти. Сөздүн ачыгы бир жылдан бери турмуш куруп, балалуу болсом жакшы болот эле деп ойлоно баштадым.

— Анан кандай чечимге келдиңиз? Болочок жолдошуңуз үйгө отур деген талапты койсо макул болосузбу?

— Мени жакындан билген адам бардык жумушун таштап үйдө отуруп алат деп ойлобосо керек. Абдан активдүүмүн, мүнөзүм ачык, тамашаны көп жактыра бербейм, элдин арасына да көп аралашпайм. Ашыкча жүрүм-турумдан баш тартам. Бирок үйдө отурган аялдардан эмесмин. Эгер атам каза болбогондо, чет өлкөдө окубаганымда, он жыл ишкананы башкарып мойнумда чоң жоопкерчилик болбогондо, мүмкүн, менин жашоом ошондой болмок. Башыңан көп нерселер өткөндөн кийин кооптонуп калат экенсиң. Апам отуз жыл атамдын көлөкөсүндө жашагандыктан каза болгондо бизге абдан кыйын болду. Себеби апам көп жыл бою үйдө отуруп, чечимдердин көбүн атам чыгарып көнүп калган экен. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө "жолдошуң өмүр бою жаныңда болбойт турбайбы. Турмуш ар кандай экен, ошого даяр болуш керек" деген ойлор калды. Ошол себептен да өзүмдү толук түрдө үй кожойкеси катары көрө албасам керек.

Азыр иниме дагы "үйлөнсөң аялың кечке үйдө отурбасын, өзүн өнүктүрүүгө, билим алууга убакыт бер, турмушта ар кандай болот" деп айтып калам. 

© Фото / предоставлено Эльвирой СурабалдиевойЭлвира Сурабалдиева атасы менен
Письмо себе в прошлое: Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Элвира Сурабалдиева атасы менен

— Чет жерде окуп жүрдүм деп айтып калдыңыз. Чыныгы студенттин убактысы жана акчасы жок деген азил-чындык кеп бар. Сиздин студенттик кезиңиз кандай өткөн? Майда-барат маселелер болгонбу же ата-энеңиз көп билдирчү эмес беле?

— 1998-жылдары тил курстарына барганда акысын атам төлөп берген. 2001-жылы Англияга окууга тапшырганда үйдөн жардам болду. Бирок ошол учурда атамдар банктан насыя алып туумдарын төлөп жүрүшчү. Окуп жүргөндө ал жактын атайын берилген акчалары да аздык кылчу. Кыз болгондон кийин кооз көйнөк кийгиң келет. Баарын эле үйдөгүлөргө чалып сурагандан тартынчумун. Студенттик виза менен жыйырма саат иштөөгө уруксат берилгендиктен кечки саат жетиден 11ге чейин бизнес клубда тейлөөчү, ресторанда официант болуп иштедим. Бир жумада 100-110 фунт тапчумун. Акчанын көбү китеп сатып алганга, калганы кийим-кечеге жумшалчу.

Каникулда атам менен апама, тууган-туушкандарга белек алып ташына берчүмүн. Азыр "Элвира он беш жыл мурун Англиядан алып келген кийимдерибиз дагы деле турат" деп тамашалап калышат.

— Англиядагы окууңузду толук бүткөнгө жетиштиңизби? Интервьюларыңыздан "атам каза болгондугуна байланыштуу келе бергем" деген кебиңизди окугам.

Модель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө
—2004-жылы магистратураны Англиядан аяктап келип Социалдык фонддо бир жарым жылдай иштеп жүрдүм. 2005-жылдагы революцияда атамды бир кишилер үйгө чейин издеп келип, мени сабап кетишкен. Ачыгын айтканда, атам Акаевдин убагында иштеген чиновник эмес, белгилүү ишкер болгон. Ошондо мародерлор атам үйдө болгондо атып кетишмекпи деп ойлойм. Мен сабалганда бейтапкана, Тез жардам кызматтары иштебей бир жума үйдө жатып баспай калгам. Ошондо атам Англияда окуп жаткан иниңди көрүп кел деп чет өлкөгө жиберген. Башымдан ушундай окуя өткөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келбейм деген чечим чыгаргам. Документтеримди докторлукка тапшырып, үч жылдык гранд утуп алгам. 8-июнда атама чалып "сүйүнчү, гранд утуп алдым, инимди карап бул жакта эле кала берейин десем", үнү дагы бир башкача болуп "мен депутат болдум, сен бул жакка келип ишкерликти улант, мен ишенем, сенин колуңдан келет" деп коштошкондой бир элес калтырды. Апам дагы атаңдын маанайы жок жүрөт, бул жакка келчи деп калды. Эки күндөн кийин атамды атып кетишти. Иним менен өлкөгө кайтып келдим. Анан белди бекем бууп, үй-бүлөлүк бизнести башкарганга туура келди. 

— Чоң ишкерликти улантып кетүүдө деле бир топ кыйынчылыктар болсо керек?

— Албетте, саздуу жерди оңдоп миңдеген адамга кызмат ордун берген күчтүү адамдын даяр оокатын кызы башкарып калса сөзсүз ар кандай пикирлер болот. Болгону 26 жашта элем. Жаш кыз деп жактырбагандар болду. Чет мамлекеттен келгенде өзүмдүн дүйнө таанымым дагы башкача болчу. Эки жылдай өзүбүздүн кол алдыбызда эле иштегендер ичтеринен сындагансып "эрке кыз, колуңдан эмне келет" деп турушчу. Жумушту ийгиликтүү алып кете алат деп ишенгендер аз болду.

Көркөм гимнаст, жаа атуу боюнча Европанын рекорд китебине кирген Аида Акматова - Sputnik Кыргызстан
Жаачы Аида Акматова: өлүмдөн мурун помадам бетиме шыбалып калган жокпу деп ойлодум
Атам каза болгондон эки күн өткөндөн кийин эле Бакиевдерди ачык күнөөлөп маалымат жыйынын бергем. Мындайча айтканда биз бийликке оппозиция болуп калганбыз. Дос, туугандардын арасынан чалбай, келбей калгандар болду. Ошондо кимдин ким экенин билип алууга жакшы шарт түзүлдү. Кызыгы — тааныбаган адамдардан, атамды сыйлаган карапайым калктан жардам көп келди.

Атам депутат болуп үч ай эле иштеди. "Кудайберген" аймагындагы тургундар жарым жылдан кийин шайлоо болот, талапкерлигиңизди койбойсузбу, колдоп берели дегенде, мен дагы ачууланып "барам" десем, апам "жашсың, саясат кыйын, атаңдын аркасынан кетип калсаң мен эмне кылам" деп токтотуп койду.

— Азыр эми эл өкүлү болуп шайландыңыз. Саясатка аралашууңузга эмне түрткү болду? Башкалар айткандай бизнести коргоо үчүнбү?

— Ушунча жылдан бери аткаминерлердин ишкерлерге болгон мамилесин көрүп ичимен бир топ кыйналып жүрдүм. 2015-жылы шайлоого барбайсызбы деген сунуштар келип калганда үй-бүлөмдү чогултуп кеңешсем, он жылдан бери бизге ата болуп бердиңиз, тажрыйбаңыз дагы жетет деп колдоо көрсөтүп, батасын беришти. Ошол эле учурда туугандарыма силер коомго терс жактарыңарды көрсөтсөңөр залакасы мага тиет, ушул нерселерге даяр тургула, бир үй-бүлөдө бир эле Сурабалдиева болот, калганыбыз мамлекеттик чоң кызматка барбайбыз деп макулдаштык. Бул туура чечим деп ойлойм.

Депутат Эльмира Джумалиева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Элмира Жумалиева: аялдар эркектерге салыштырмалуу саясий оюндарга аралашпайт
Жогорку Кеңешке келгенден бери "Кудайберген" базарын бир туугандарыма тапшырып бергем. Алар башкарса, апам көзөмөлдөп турат. Чынын айтсам, бир жылдан бери "Кудайбергенге" бара элекмин. Улам бара берсем туугандарымды текшергенсип, аларга ишенбегендей кадам болуп калат. Алар мүдүрүлсө дагы өз тажрыйбаларын топтоп алсын деп ойлойм. Чоң маселелер болсо, албетте, акылдашып турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0