Сарпашев жаңжалы: Башкы прокуратура Бакиевдердин мүлкүн камакка алды

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Бакиевдин жакындарына таандык мүлктүн чырынын айынан премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына убактылуу отставкага кетүү боюнча арыз жазып, өкмөт башчы аны канааттандырган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндөгү Бакиевдин жакындарына таандык делген мүлктү камакка алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгарууга буйрук берген деп айыптап, аны кызмат ордунан алуу боюнча өкмөт башчыга сунуш жөнөткөн.

Сарпашев: биометрическая регистрация показала реальную картину миграции - Sputnik Кыргызстан
Радио
Тайырбек Сарпашев: менин күнөөм жок, комиссия чечимди калыс чыгарат деп ишенем
Тайырбек Сарпашев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына убактылуу отставкага кетүү боюнча арыз жазып, өкмөт башчы анын сунушун орундаткан болчу. Бул ишти иликтеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия дагы түзүлгөн.

Скрябин көчөсүндөгү мүлк 16-февралда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө тобунун жетекчисинин токтому менен камакка алынып, ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна берилди.

Башкы прокуратура кызыкдар тараптарды маалымат жыйындарын өткөрүп туура эмес маалыматтарды таратпоону өтүнөт. Алардын мындай аракети тергөө амалдарына кысым көрсөтүү катары бааланышы мүмкүндүгүн эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0