Тынар Курбаналиев: өзүм саясатка барбайм, бирок бийликти сындаганымды токтотпойм

© SputnikБелгилүү куудул Тынар Курбаналиев маек учурунда
Белгилүү куудул Тынар Курбаналиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тынар Кубаналиев деген атты укканда бакыраң көз, кара каштуу адамды же "120 кой" деген тамашаны элестетип бир жылмайып аласың. Ал сатираны ийине жеткире аткаруу менен элдин боорун эзсе, айрымдарынын кокосуна тикенек сымал сайылат. Ойногон интермедиялары калк арасында эле эмес, маал-маалы менен Жогорку Кеңеште дагы кызуу талкууга алынып турат.

Куудул Тынар Курбаналиев менен 16 жылда мамлекетке кантип 1,6 миллион сом пайда келтиргени, куудулдар маданияттын "өгөй" балдары аталары тууралуу журналист Эламан Карымшаков маектешти.

— Сизден куудулдук өнөргө аралашкандан бери эмне жөнүндө интермедия ойной элексиз деп сурасак болчудай…

Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам
— Чыгармачылыкка 1998-жылы аттанып, чоң сахнага 2000-жылы Рахман Разыков жетектеген "Бешилик" тобу менен чыктым. Ошондон ушул күнгө чейин мен ойнобогон интермедия калбады окшойт. Сатира — бул коомдун күзгүсү экен. Андыктан бардык тармакты чагылдырып, ошону менен бирге бийликтин оң-терс жактарын да элге сатира аркылуу жеткирип туруу биздин милдет деп билем. Өзүңөр билесиңер, мунун айынан бизди эл душманы кылганга чейин жеткирди.

— Саясий сатираларга көп басым жасайсыз, себеби эмнеде?

— Сатира коомдун агымы менен кете турган нерсе. Азыр элдин баары саясатты аңдып калды, анан аларды кантип башка тема менен алаксытабыз. Колдоруна кичине акча карматып аянтка алып чыга берип, өздөрү элди саясатташтырып жиберди. Азыр саясаттан башка нерсени ойносоң эл көрбөй калды. Буга коомдо резонанс жараткан "120 кой" сатирасы далил болот. Ошол учурда башка темадагы интермедиялар көп ойнолгон болчу.

© SputnikТынар Курбаналиев: азыр саясаттан башка нерсени ойносоң эл көрбөй калды. Буга коомдо резонанс жараткан "120 кой" сатирасы далил болот. Ошол учурда башка темадагы интермедиялар көп ойнолгон болчу
Юморист Тынар Курбаналиев - Sputnik Кыргызстан
Тынар Курбаналиев: азыр саясаттан башка нерсени ойносоң эл көрбөй калды. Буга коомдо резонанс жараткан "120 кой" сатирасы далил болот. Ошол учурда башка темадагы интермедиялар көп ойнолгон болчу

— Буга чейин устаттарыңыз саясатка кадам шилтеп көрүштү. Сиздин мындай оюңуз жокпу?

— Мен кесибимди анча-мынча саясатчылардан кыйла эле жогору коём. Себеби алар менчелик чындыкты айта алышпайт. Өзүм саясатка барбайм! Бирок бийликтин да, опозициянын да туура эмес иштерин сатира аркылуу элге жеткирип турууга дайым даярмын.

— Куудулдардын арасынан Келдибек Ниязов менен Күмөндөр Абылов гана "Эмгек сиңирген артист" наамын алган экен. Өткөн жылы да эки ирет маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар берилди. Алардын арасынан куудулдарды көрө алган жокпуз. Мындан улам куудулдар маданияттын "өгөй" балдарыбы деген суроо туулат…

Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Ырыскелди Осмонкулов: Асанкалый агайдын куюлган терин көрүп таң калгам
— Туура айттыңыз, биз маданияттын "өгөй" балдары сыяктуу эле жүрөбүз. "Туура сөз тууганга жакпайт" дегендей азыр эч ким чындыкты бетке айткан адамды жакшы көрбөй калды. Жеке өзүмдү айтсам, мен мындай наамдарга муктаж эмесмин, кудай дагы дагы ага муктаж кылбасын деп тилейм. Мени кой, Абдылда Иманкуловго, Жамбыл Камчиевге, ыраматылык Жаныбек Алыкуловго "Маданияттын мыкты кызматкери" деген эле наам берсе өзүмдү эл артисти болгондой сезмекмин. Карап турсак Абдылда менен Рахмандын баласынын жарым жашындагылар "Эмгек сиңирген артист" болушту го, чиркин. Жалал-Абадда театрда сахнанын пардасын көтөрүп-түшүрүп иштеген бир досум да "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алды. Анан Абдылда акеге "30 жыл талаалап темселеп жүрбөй ушул жерде отурсаңыз болмок экен" деп күлдүм. Менимче, кыргыз сатирасына буларчалык эч ким зор салым кошо элек. Ылгабай берип атып "Эмгек сиңирген артист" наамын "Маданияттын мыкты кызматкери" деген деңгээлге түшүрүп салышты.

— Кудулдардын арасынан өзүңүзгө негизги атаандаш катары кимди көрөсүз?

— Мен буга тең келем деп айтсам туура эмес болуп калат го. Аны эл баалап айтса калыстык болот деп ойлойм. Ар бир адамдын талантын сыйлаш керек.

— Борончу Кудайбергенов менен бирге көпкө иштешип жүргөнсүздөр. Анан эле ортоңуздарды кара мышык аралаптыр дешти. Мамилеңиздерди жөнгө салып алдыңыздарбы?

— Ии… ушул суроону качан берет болду экен деп аттым эле. Элдер "финансылык жактан келише албай калдыңырбы" дейт. Бир концерттен 50 миң сом пайда түшсө, атабыздын башына акча талашабызбы?.. Маселе башкада, Боке менин сахнада жүргөнүмө 15 жыл болуптур маарекелик концертимди Оштон өткөрүп келели, анан сиздин 50 жылдыгыңызда Кыргызстанды түрө кыдырабыз десем, "жок, мен ал күнгө Бишкекте ашар концерт уюштуруп алгам" деди. Ал ашар концертти башка күнгө жылдырып турбайсызбы десем да макул болбоду. Анан "сен жок деле таң атып, күн батат" болуп концертибиз өттү. Ошонун айынан бири-бирибизге ичибизден таарынышып жүрөбүз.

© SputnikТынар Курбаналиев: жараткан берген таланттын арты менен аздыр-көптүр көрүүчү чогулттум, кээ бирине жактым, кээ бирине жакпадым, элден урмат-сый көрдүм. Россияны айтпай эле коёюн, Корея, Түркияга чейин барып элибизге күлкү тартуулай алдым
Юморист Тынар Курбаналиев - Sputnik Кыргызстан
Тынар Курбаналиев: жараткан берген таланттын арты менен аздыр-көптүр көрүүчү чогулттум, кээ бирине жактым, кээ бирине жакпадым, элден урмат-сый көрдүм. Россияны айтпай эле коёюн, Корея, Түркияга чейин барып элибизге күлкү тартуулай алдым

— Сиз даяр сатираны гана ойнойсузбу же өзүңүз дагы жазасызбы?

— Мен ойногон интермедиялардын 99 пайызы Рахман Разыковго таандык. Өзүм ушул убакка чейин эки эле сатира жазыптырмын.

— Кудулдук өнөрдүн арты менен эмнеге жеттиңиз?

Певец кыргызской эстрады, участник группы Биз Бактияр Токторов - Sputnik Кыргызстан
Бактияр Токторов: "Буй-буйду" ырдаганда көбү мени ичип алган окшойт дешет экен
— Жараткан берген таланттын арты менен аздыр-көптүр көрүүчү чогулттум, кээ бирине жактым, кээ бирине жакпадым, элден урмат-сый көрдүм. Россияны айтпай эле коёюн, Корея, Түркияга чейин барып элибизге күлкү тартуулай алдым. Кудай мени ушундан айырбасын! Апам да мени сахнадан, эфирлерден көрүп сыймыктанып жүрдү. Бир жерге барса "Тынардын энеси" деп жылуу мамиле жасап сый үстүндө болуптур. Ушул нерсе мага чоң сыймык алып келди. Апам, тилекке каршы, былтыр дүйнөдөн өтүп кетти. Ал эми атам менин белгилүү адам болушумду каалап, сыналгыдан бирөөлөр чыкса мени да ошол жактан көргүсү келчү. Тилекке каршы, мага эфирге чыгууга мүмкүнчүлүк болгонго чейин каза болуп, менин жетишкендиктирмди көрө албай калды.

— Кудуулдук менен үй-бүлө багып кетүү мүмкүнбү?

— Биз башкалардай болуп гектарлаган жерлерди арендага берип же бир мекеменин чекесин менчиктештирип алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Өзүбүздүн эле жаныбызды бакпай мамлекеттин да киреше булагын толтурабыз. Мисалы, мен чоң сахнага келгениме 16 жыл болду, орто эсеп менен жылына мамлекетке 100 миң сомдон концерттин салыгын төлөсөм 1,6 миллион сом пайда келтирген болом. Бул да эң төмөн баа менен эсептегенде. Эми караңыз, галстук тагынып, креслодо отурбай эле, элдин көңүлүн көтөрүү менен канчалык мамлекетке канчалык салым кошуп койдум. Бир концерттен 150 миң сом чыгаша болсо, мага 40 миң сом эле калат. Ушундай концерттен, той-топурдан түшкөн каражат менен гана бала-бакыра багам.

© SputnikТынар Курбаналиев: бир концерттен 150 миң сом чыгаша болсо, мага 40 миң сом эле калат. Ушундай концерттен, той-топурдан түшкөн каражат менен гана бала-бакыра багам
Юморист Тынар Курбаналиев - Sputnik Кыргызстан
Тынар Курбаналиев: бир концерттен 150 миң сом чыгаша болсо, мага 40 миң сом эле калат. Ушундай концерттен, той-топурдан түшкөн каражат менен гана бала-бакыра багам

— Рахман Разыков сизди жаңыдан шаарга келгенде "бир жолу Тынар зал толо элди күттүрүп концертке бир саат кечигип келди. Көрсө, ал "Айчүрөк" соода боборундагы эскалаторду көрүп калып ойноп жүрө бериптир" деп айткан болчу. Интервьюга чакырганда дагы "макул, эртең" деп атып бир айга созулуп кетти. Жоопкерчиликке кандай карайсыз?

— Дагы кайсыл жердеги эскалатордо ойноп жүрдү экен дедиңерби? (күлүп). Эми ушунча болуп калды ачыгын айта берейин… Буга чейинки интервьюларда "сүйүүңүздү качан тапкансыз, тигиге эмнени айттыңыз" деген коёндой окшош суроолордон тажап калгандыктан сиз чалганда дагы келгим келген эмес. Барсаң да айткандарыңды толугу менен ачык чыгарбай койгондуктан интервью берүүдөн баш тартып жүргөм. Соңку ирет чалганыңызда келинчегим жанымда эле, анан "чакырып атса барып келиңиз, балким ушулар аркылуу жогору жакка үнүң жетип калаар" деп жөнөттү.

— Келгениңизге өкүнгөн жоксузбу же бүгүнкү маегибиз да "окшош коёндордун" катарына кошулуп калдыбы?

— Азыр го кенен отуруп жакшы маек курдук. Жарыкка чыгышын күтөлү. Ошого карап анан баа беребиз да…

Жаңылыктар түрмөгү
0