Фитнес машыктыруучунун кыжырын кайнаткан беш адат

© Sputnik / Сергей Симов / Медиабанкка өтүүФитнес клубда машыгып жаткан кыз. Архив
Фитнес клубда машыгып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул макала спорт залга барып жаткандар үчүн пайдалуу. Кунт коюп окусаңыз, сизге керектүү маалыматтар абдан көп. Спорт залдагы фитнес машыктыруучу жөн гана машыгуунун планын түзгөн адам эмес. Аны менен тил табыша албасаңыз, спорт залдагы аракетиңиз текке кетиши мүмкүн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги канткенде фитнес машыктыруучунун жини келтирбей, тескерисинче, далыга чаап, пайдасын көрүүнүн жолдорун издеп көрдү.

Кожоюн. Менин милдетим — машыгуунун тартибин түзүп, туура тамактануу боюнча сунуштарды айтуу. Калганынын баары жеке өзүңөрдөн көз каранды. Мен силердин артыңардан чуркабайм, болгону көнүгүүнүн туура жасалышын көзөмөлдөйм. Ашыкча салмактан арылышыңыз үчүн мен "кел алтыным, дагы бир көнүгүүнү жасап кой" деп жалбарбайм.

Досрочная сдача ЕГЭ по математике в Омске - Sputnik Кыргызстан
Тойдум! Студенттердин жинине тийген 8 учур
Жалкоолор. "Эки жума болду келгениме, арыктаган жокмун!", "фигурам качан сиздикиндей болот?". Кардарлар залга барып, бирин-серин кыймылдап койсо эле, арыктап кетем деп ойлошот. Жаңылышасыз. Ал үчүн ишеним, туура тамактануу, мотивация, каалоо керек! Ансыз эч нерсе болбойт. Эгер адам өзү жан дүйнөсү менен берилип аракет кылбаса, мен урушмак түгүп, кыйкырсам дагы эч жыйынтык чыкпайт.

"Жыпар жыттуу". Душ болбосо да жок дегенде бир чайнек суу кайнатып, чайканып албаган кардарлар жинге тиет да. Жыттан тимеле көз ачышат. Баарыбыз эле саат сайын чайынып турабыз деп айталбайм, бирок гигиенанын жөнөкөй эрежелерин сакташ керек да. Мурунду Кудай эмнеге берди эле?

Эмне керек экенин билбейм. "Жок, мен антпейм, сиз ушул мага болот деп ойлоп атасызбы? Бутумдун булчуңдарычы? Эмнеге программада гиперэкстензия аз?". Наалыган сөздөрдүн тизмесин оголе көпкө чейин алып барса болот. Дагы бир жолу айтып коеюнчу, залдагы адис — менмин! Эмне кылуу керек экенин мен чечем!

Ашкере акылдуу. Жөн эле мээни чарчатып жиберишет. Көнүгүүлөргө эмне кошуп, эмне керексиз экенин айтып, билерманданып, кээде сындап жибергендер да болот. Албетте, мен сиздин кыйындыгыңыздан күмөн санабайм. Анда бул жерде эмне кылып жүрөсүз?

Жаңылыктар түрмөгү
0