Чоң-Алай: кар көчкүдөн үй-жайсыз калгандарга мобилдүү турак жай жөнөтүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРМобилдүү турак жай
Мобилдүү турак жай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бир үй-бүлөнүн 3 жана 4-класста окуган уул-кызын алып кетти.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Оштун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында кар көчкү түшүп, үй-жайсыз калгандарга мобилдүү турак жай жана гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Бишкек - Ош жолундагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашууда көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу жабылды
Эскерте кетсек, бүгүн таңда аталган аймакка кар көчкү түшүп, эки тамды басып калган. Ичиндеги 10 кишини кошуналар алып чыгууга үлгүрүп, алар ооруканага жөнөтүлгөн. Түшкө маал куткаруучулар кар алдынан жабыркаган бир үй-бүлөнүн 3 жана 4-класста окуган уул-кызынын сөөгүн таап чыккан.

Учурда кырсык болгон жерге өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин жөнөп кеткени маалымдалган.

Бир бөлмөлүү эки даана мобилдүү турак жай жана гумжардам жүктөлгөн эки КамАЗ Оштон саат 13.00дө чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0