Чоң-Алайда кар көчкүдөн жабыркагандарга жардам берүү иш-чарасы өтөт

© Фото / Улукбек Карыбек уулуКар-көчкү көмүп калган үйлөрдү тазалоо иштери
Кар-көчкү көмүп калган үйлөрдү тазалоо иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардам көрсөтүүнү каалагандар эртең 16.00дөн 18.00гө чейин келип катышса болот.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкекте эртең, 20-февраль күнү, Чоң-Алайдагы кар көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам берүү иш-чарасы өтөт. Бул туурасында "Чоң-Алай элдик бирикмесинин" төрагасы Улукбек Карыбек уулу билдирди.

Кар-көчкү көмүп калган үйлөрдү тазалоо иштери - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: кар көчкү алдында калгандар дарылана баштады, көбү шок абалында
Эскерте кетсек, бүгүн таңда аталган аймакка кар көчкү түшүп, эки тамды басып калган. Ичиндеги 11 кишини кошуналар алып чыгууга үлгүрүп, алар ооруканага жөнөтүлгөн. Түшкө маал куткаруучулар кар алдынан жабыркаган бир үй-бүлөнүн 3 жана 4-класста окуган уул-кызынын сөөгүн таап чыккан.

Ушу тапта 10 киши аймактык ооруканада дарыланып жатат.

Жардам көрсөтүүнү каалагандар эртең Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу — Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан "Гоин" соода үйүндө саат 16.00дөн 18.00гө чейин келип катышса болот. Жардамдар акчалай түрүндө чогултулат. Байланыш телефону: 0778-494-205; 0559-442-504.

Жаңылыктар түрмөгү
0