Министрлик: кар көчкү алдында калгандар дарылана баштады, көбү шок абалында

© Фото / Улукбек Карыбек уулуКар-көчкү көмүп калган үйлөрдү тазалоо иштери
Кар-көчкү көмүп калган үйлөрдү тазалоо иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоң-Алайда кар көчкүнүн алдында калган 11 адамдын экөөнүн акыбалы оор.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү алдында калган тургундар ооруканага жеткирилип, дарылана баштаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

© Фото / Улукбек Карыбек уулуоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү алдында калган тургундар ооруканага жеткирилип, дарылана баштаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди
оң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү алдында калган тургундар ооруканага жеткирилип, дарылана баштаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/2
оң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү алдында калган тургундар ооруканага жеткирилип, дарылана баштаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди
© Фото / Улукбек Карыбек уулуМаалыматка ылайык, ооруканага 11 адам жеткирилип, бирөө жатып дарылануудан баш тарткан.
Маалыматка ылайык, ооруканага 11 адам жеткирилип, бирөө жатып дарылануудан баш тарткан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Маалыматка ылайык, ооруканага 11 адам жеткирилип, бирөө жатып дарылануудан баш тарткан.
1/2
оң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү алдында калган тургундар ооруканага жеткирилип, дарылана баштаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди
2/2
Маалыматка ылайык, ооруканага 11 адам жеткирилип, бирөө жатып дарылануудан баш тарткан.

Маалыматка ылайык, ооруканага 11 адам жеткирилип, бирөө жатып дарылануудан баш тарткан.

"Ушул тапта эки жабырлануучунун акыбалы оор, калганыкы канааттандырарлык. Жабыркагандардын ичинен эки адамдын мээси чайкалып, башынан жаракат алган. Үч адамдын бут тарамыштары чоюлуп, тизелери ооруп калган. Көпчүлүгү шок абалында", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Жаш-Тилек айылында хирург, травматолог жана фельдшерден турган топ нөөмөттө турат.

Эске салсак, бүгүн таңга маал Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында түшкөн кар көчкүнүн алдында калган 11 жаран аман калып, эки жаш бала каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0