Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкектеги автоматташтырылган унаа токтотуучу жайдын баасы 30 сомдон башталат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүНовый парковочный тариф введут со 2 декабря в центре Москвы
Новый парковочный тариф введут со 2 декабря в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоматташтырылган унаа токтотуучу жайлар Шопоков көчөсүндө, Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө болот.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкектеги автоматташтырылган унаа токтотуучу жайлардын баасы 30-40 сомду түзөт. Бул тууралуу тендер жеңүүчүсүнүн өкүлү Самат Сакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон маалымат жыйында билдирди.

Платные парковки в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин кайсы көчөлөрүндө көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулат — долбоор
"Бишкектеги автоматташтырылган ачык паркинг" долбоору мэрия тарабынан сунушталып, шаар жолдорундагы автоунаалардын токтоосун жеңилдетүү үчүн демилгеленген. Конкурстун комиссиясы паркинг боло турчу жерди аныктады. Автоматташтырылган унаа токтотуучу жайлар Шопоков көчөсүндө, Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө болот.

Бөлүнгөн жайга автоматташтырылган жабдуулар орнотулат.

"Баасы азыр чечилип жатат, болжол менен күнү-түнү 30-40 сомду түзөт", — деди Сакбаев.

Бишкек мэриясынын алдындагы Муниципалдык базар, парк жана унаа токтотуучу жайлар дирекциясынын башчысы Рустам Алиев долбоор эки этап менен ишке ашарын айтты. 

© пресс-служба мэрии города БишкекТендер жеңүүчүсүнүн өкүлү Самат Сакбаев
Представитель победителя тендера Самат Сакбаев - Sputnik Кыргызстан
Тендер жеңүүчүсүнүн өкүлү Самат Сакбаев

"Башында кишилер иштеп, каттоо үчүн уюлдук планшеттерди колдонот. Экинчи этабында атайын паркомат (автоматтар — авт.) орнотулат", — деди ал.

Алиев иштер апрель айында аяктарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0