Чоң-Алайдагы көчкү: энеси эки баласын калкалап, дагы экөөнү чыгарганга жетишпей калган

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү эл көчкү дүрүлдөп келе жатканда жер титиреп жатат деген ойдо болгонун айтып беришти.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында кечээ, 19-февралдын таңында жүргөн кар көчкү алдында калган 11 жаран аман калып, эки жаш бала каза тапкан. Табигый кырсыктын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигине кар алдында калгандарды эл кантип куткарганын айтып берди.

Эки баласын калкалап, экөөнү алып чыга албай калган эне

Жаш-Тилек айылынын башчысы Түмөнбай Каримбеков кырсык болор замат 200дөй киши чогулуп, куткарууга киришкенин билдирди.

© Фото / Улукбек Карыбек уулуЖаш-Тилек айылына кар көчкү таңга маал түшкөн
Жаш-Тилек айылына кар көчкү таңга маал түшкөн - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жаш-Тилек айылына кар көчкү таңга маал түшкөн
© Фото / Улукбек Карыбек уулуКырсык эки наристенин өмүрүн кыйды
Кырсык эки наристенин өмүрүн кыйды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кырсык эки наристенин өмүрүн кыйды
© Фото / Улукбек Карыбек уулуЖабыркаган 10 киши аймактык ооруканага жеткирилген
Жабыркаган 10 киши аймактык ооруканага жеткирилген - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жабыркаган 10 киши аймактык ооруканага жеткирилген
1/3
Жаш-Тилек айылына кар көчкү таңга маал түшкөн
2/3
Кырсык эки наристенин өмүрүн кыйды
3/3
Жабыркаган 10 киши аймактык ооруканага жеткирилген

"Кырсык тууралуу таңга маал саат 5.30да уктум. Барсам, кар тоодой болуп үйүлүп, үйлөрдүн чатырынын чекелери гана чыгып туруптур. Эл чогула калып, күрөк менен карды казып, үйдүн ичинде калып калгандарды куткарууга жан үрөй баштадык. Бизге келчү унаа жолдор да тосулуп, куткаруучулар жол тазалагандан кийин келишти. Ага чейин 3-4 саат өтүп, кар алдында калгандарды эл өзү алып чыгып койду", — деди Каримбеков.

Мобилдүү турак жай - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алай: кар көчкүдөн үй-жайсыз калгандарга мобилдүү турак жай жөнөтүлдү
Анын айтымында, көчкү түшөр алдында тургундар жер титиреп жатат деп ойлоп, ошондон улам ойгонуп кетишкен.

— Үй ээси бир иниси менен балдарды алып чыгууга аракет кылып жатканда көчкү басып, алар сыртта калып калган. Артында келаткан аялы эки баласын босогонун жанында калкалап калыптыр. Аркы бөлмөдө уктап жаткан эки баласын алып чыгууга жетишпей калып, алар ошол жерде эле жан беришкен экен", — деди айыл башчы.

Каримбеков айыл эки тоонун ортосунда жайгашканын, бирок аксакалдар буга чейин мындай көчкү түшпөгүн айтып жатышканын кошумчалады.

Дубалдын ачылып калган жеринен чыгып аман калгандар

Көчкү баскан экинчи үй-бүлөнүн мүчөлөрү аман калды. Маалыматка ылайык, көчкү үч мал сарайдын үстүнө түшүп ичиндеги малдын баары өлгөн. Ал жерде болжолдуу түрдө 20 бодо, 50дөн ашуун кой-эчки болгон.

Кар алдында калган үйдө жашаган Таалайбек Койлубаев менен байланышканыбызда үй-бүлөсү менен ооруканадан чыгып, айылына баратканын билдирди.

КОРОВЫ ЖИВОТНОВОДСТВО ФЕРМА - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: кар көчкүнүн айынан 130дан ашуун мал-жандык өлдү
"Үйдө келинчегим, үч балам жана апам болуп алтообуз жашачубуз. Алгач жер титиреп атат окшойт деп баарыбыз ойгондук. Анан эле күркүрөп келип эле үйүбүздү бир нерсе басып калды. Биз отурган бөлмөнүн үстү түшкүн жок. Анан сыртка чыгайын десем эшик ачылбайт. Жүрөгүм дикилдеп, кайра-кайра келме келтирип жаттым. Караңгыда телефондун жарыгы менен эптеп балдарды кийинтип чогулуп отурдук. Эми кантебиз деп турсам, дубалдын 20-30 сантиметрдей жери ачык туруптур. Анан ошол жерден тырмалап жатып чыгып, кошуналарымды жардамга чыкырдым. Алар келгенден кийин үй-бүлөмдү бир-бирден сыртка чыгардык", — деди Койлубаев.

Анын айтымында, балдарынын бири төрт, бири эки жашта, ал эми кичүүсү төрт айлык наристе. Ымыркайды жаткан жеринен бешиги менен алып чыгышкан. Койлубаевдердин да үйү менен сарайы жараксыз болуп калды.

"Ден соолугубуз жакшы, кечээтен бери дарыгердин көзөмөлүндө болдук. Азыр үй-бүлөбүз менен ооруканадан чыгып айылга жөнөп атабыз. Эми барганда өкмөт мобилдүү үй алып келген дейт, ошондо же коңшубуздун үйүндө жашап турабыз да", — деди жабырлануучу.

Материалдык жардам көрсөтүлдү

Ал эми өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалай Сарыбашов кырсык болгон жерге барып, каза болгон бөбөктөрдүн жакындарына жолугуп көңүл айтып, үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөткөндүгүн облус жетекчилигинин маалымат кызматынан билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң-Алай аймагындагы кар көчкү коркунучу бар жерлерде кар атып түшүрүү иштерин жергиликтүү бийлик менен биргелешип жасап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0