Чоң-Алай: кар көчкүдөн жабыркаган 10 кишинин төртөө кайрадан ооруканага жатты

Жазылуу
19-февралда Ош облусунда кар көчкү жүрүп, Чоң-Алай районунда эки жаш бала, Кара-Суу районунда бир аял каза болгон. Мындан тышкары, мал-жандык камалган бир нече сарай дагы кар астында калган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Чоң-Алай районунда түшкөн кар көчкүдөн жабыркаган жашоочулар үчүн жеткирилген мобилдик турак жай орнотулганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Мобилдик үйлөр орто мектептин жанына орнотулуп, жашоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, аймактык ооруканага жатып дарыланып чыккан 10 адамдын төртөө бүгүн кайра ооруканага жаткырылары кошумчаланды.

Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов көчкүдөн жабыр тарткан элдин абалы менен таанышуу жана кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөттүү максатында Ош облусуна жөнөт кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0