Дача айылындагы авиакырсыктын иликтөөсү интернетке чыкты

© AP Photo / Vladimir VoroninОбломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта "Манас"
Обломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак автоматтык түрдө конуунун туура эмес траекториясын тандап, экипаж нормадан четтеп кеткенин байкабай калган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектин жака-белиндеги Дача айылына кулаган жүк ташуучу учактын экипажы бийиктигин көзөмөлдөй албай, конуу тилкесинен өтүп кеткенден кийин экинчи айлампага чыгууга аракет кылып жатканда дарбазага урунуп, калктуу конушка сүрүлүп чыккан. Бул тууралуу авиакырсыктын иликтениши жарыяланган AirDisaster сайтында жазылган.

Первый вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Дача айылындагы авиакырсыктын чыгымдары эсептелип бүттү
Мында кырсык 2017-жылдын 16-январында болгону айтылат. 85 618 килограмм салмактагы тиричилик техникасын алып бараткан учактын "Манас" аэропортунан май куюусу пландалган. Конуу учурунда аба ырайы абдан начар экени белгиленет: 

Шамалдын ылдамдыгы секундасына бир метрди түзүп, алды жактан 100 метр, жогору карай 50 метр жер көрүнгөн, мындан тышкары учуп-конуу тилкеси 350-400 метрге чейин так көрүнүп, абанын температурасы — 9 градус суук болуп туман каптап турган.

Сайттагы маалымат боюнча кырсык болор алдындагы бир нече мүнөттөрдө абал төмөнкүдөй болгон:

  • учак саатына 370 чакырым ылдамдык менен учуп келе жаткан. Конуу алдында бийиктик эске алынган эмес. Мындан улам кадимки траекториядан 200 метрге четтеп кеткен. Бул траектория авиацияда глиссада деп аталат;
  • учуп-конуу тилкесине жакын калганда глиссадага түшүү режими автоматтык түрдө активдешип кеткен. Нормадан четтеп кеткендиктен бир калыпта абада туруп калган. Бирок 1,5 чакырым учуп өткөндөн кийин туура эмес глиссадага түшүп, автоматтык түрдө жерге жакындай баштаган;
  • экипаж конуу аракети кооптуу болорун, мындан тышкары глиссададан четтеп кеткенин эске алган эмес. Учак жерге 30 метр калганда командир экинчи айлампага чыгуу чечимин кабыл алган. Бирок бул аракет 16 метр бийиктиктен жасалган;
  • экинчи айлампага чыгуу процессинде жерге урунуп, кайра көтөрүлүп барып аэропорттун бетон тосмосун сүзгөн. Андан кийин айылдын аймагына сүрүлүп чыккан.

Учактын калдыктары болжол менен туурасы 400, узуну 80 метр келген аймакка чачырап кеткен. 35 жергиликтүү тургун менен экипаждын төрт мүчөсү каза болгон, 15 киши жабыркаган.

Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Дача айылындагы авиакырсыкка бир ай толду. Эмне жасалып, эмне өзгөрдү
Кырсыкка кабылган Boeing-747-412F учагы 2003-жылы өндүрүштөн чыгып, ACT Airlines (MyCargo Airlines) компаниясына таандык болгон. Буга чейин абада 46 821 саат учкан.

Сайт маалымат булагын атаган жок. AirDisaster — мурдагы СССР өлөкөлөрүндөгү авиакырсыктарды чагылдыруу боюнча адистешкен. Долбоордун авторлорунун айтымында, сайттын максаты кырсык тууралуу маалыматтарды бир базага киргизип маалыматтык вакуумду толтуруу болуп эсептелет.

Учурда МАК иликтөөсүн улантып жатат. Документтер текшерилип, "кара ящиктердеги" жазуу окулууда. Комитет түрк тарап өз түшүндүрмөсүн бергенден кийин отчетун жарыялайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0