Чаткал: жол жабылып төрөт үйүндөгү келиндер айылына келе албай убара

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия сильных снегопадов в Чаткальском р-не Ошской области
Последствия сильных снегопадов в Чаткальском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чаткал районунда 10 күндөн бери тынбай жааган кардан улам Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында анын калыңдыгы эки метрге чейин жетип, ички чарбалык жолдор жабылган.

ОШ, 21-фев. — Sputnik. Чаткалдын Ак-Таш айылында төрөтү жакындаган эки келин 10-февралда райондогу төрөт үйүнө жеткирилген. Алардын бири 21 жаштагы келин уул төрөгөн. Бирок жол жабык болгондуктан кайра Ак-Таш айылына келе албай убара болууда. Бул тууралуу Ак-Таш айылынын фельдшер-акушердик пунктунун фельдшери Замирбек Рысдөөлөтов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалыматка ылайык, келин учурда Курулуш айылында жакындарынын үйүндө жашап жатат. Экинчи келин төрөт үйүндө.

"Ал эми кан басымы жогорулап, же дагы башка оорураак илдеттерге чалдыккандарды бүгүн жолдун бир тарабы ачылгандыктан Ош шаарына же Ала-Бука районундагы ооруканага жибере баштадык", — дейт ал.

Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайдагы көчкү: энеси эки баласын калкалап, дагы экөөнү чыгарганга жетишпей калган
Белгилей кетсек, Чаткал районунда жааган калың кардан улам эки милиция кызматкери дагы үйүнө кайта албай бир жумадай Ак-Таш айылында жашаган. Алар бүгүн гана трактор менен жолго чыгып кетишкен

Эске сала кетсек, Чаткал районунда 10 күндөн бери тынбай жааган кардан улам Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында анын калыңдыгы эки метрге чейин жетип, ички чарбалык жолдор жабылган.

Ак-Таш айылынын башчысы Таалай Кочкоров жолду тазалоо иштери жүрүп жатканын, азыр кар алдында эки чакырымдай жол калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0