Карылар үйүнүн тургуну

Энемди көмгөнгө убактым жок! "Дөөлөттүү" карылыктын 3 түрү

2441
(жаңыланган 18:24 21.02.2017)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Миңбаева жеке жана мамлекеттик карылар үйүнө баш багып, төшөктө жаткан энесин караган бишкектик тургундун жашоосун көрүп келди.

Замиранын эки үйлүү батиринин бир бөлмөсү сегиз жылдан бери ооруканага айланып калган. Стол үстү жайнаган дары, кагаз бет аарчылар, жалаяктардын таңгагына толгон. Арыктап, баарына кайдыгер караган бейтаптын баш жагында сүрөттөр жатат.

"Эч кимди тааныбай калды. Мобу аял менен 30 жылдан ашуун иштеген да. Бул болсо — күйөөсү", — дейт улам бир сүрөттү көргөзгөн кемпирдин кызы Замира. Энеси бир нерселерди күбүрөп, кайра тынчып калды.

Замира 34 жашта. Апасы менен жашайт. Башынан өткөргөндөрүн атын өзгөртүү шарты менен айтып берди.

"Төшөктө жаткан оорулууну жалгыз багуу кыйын. Бир жолу керебеттен кулап кетти. Көтөрүп жаткырайын десем, алым келбейт. Аягында мен да жатып калдым, бакырып-өкүрүп ыйлап жатсам, апам акырын мени башыман сылап коет", — деп сөзүн баштады ал.

Кыргызстанда 34 000 пенсионер жашайт

Замира өз камын өзү көрүп, мамлекеттен да, жакындарынан да жардам сурабайт. Анын айтымында, башкысы — эч ким жолтоо болбосо болду.

"Апам азыр пенсиясына өзү бара албайт, почточу алып келип берет. Аябай жакшы адам. Эми ал өзү пенсияга кетет экен. Демек, мен өзүмө ишеним кат жаздыртышым керек. Апам кантип кол коюп берет, билбейм…", — деди кызы.

Кыйынчылыктарга карабастан Замира апасынан ажырап калууну элестете да албайт.

  • Карылар үйүндө жашагандар
    Карылар үйүндө жашагандар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Карыларды караган кызматкер
    Карыларды караган кызматкер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Бул жактын жашоочулары бош убактысында шахмат дагы ойношто
    Бул жактын жашоочулары бош убактысында шахмат дагы ойношто
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Карылар үйүнөн бир көрүнүш
    Карылар үйүнөн бир көрүнүш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Бул жакта жашагандар өз бөлмөсүнө компьютер дагы коюп алышкан
    Бул жакта жашагандар өз бөлмөсүнө компьютер дагы коюп алышкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Карылар үйүндө жашагандар

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кары жана майып адамдарга социалдык кызматты өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Чолпон Мамбеталиева миң социалдык кызматкердин ар бири 5 миңге чукул жалгыз жашаган кары-картаңдар менен иш алып барарын белгиледи.

"Карыялар балдары жок экенин, мындан улам жардамга муктаждыгы тууралуу кат жазышат. Соцкызматкерлер аларга ысык тамак ташып, үйүн жыйнап берет, коммуналдык кызмат үчүн акчасын төлөп, чач тарачтарга алып барышат", — деди ал.

Кыргызстандын карылар үйүндө 795 адам күн көрүп келет.

Пенсия алган күнү балдары да пайда болот. Абай көчөсүндөгү карылар үйүнүн тиричилиги

Бул жерде 212 карыя күн кечирет. Дубалда "Январдагы туулган күн ээлери" жана "Бизден декабрь айында кеткендер" деген эки кагаз илинип турат. Биринчи баракта 12 фамилия болсо, экинчисинде 6 адамдын аты-жөнү илинген.

"Биз бардык шарт-талабы менен жерге беребиз. Мусулмандарга молдо, православдарга чиркөө кызматкери келет. Балдарына да чалабыз: "Апаңыз каза болду, келесизби?" десек, "келе албайм, убактым жок" дегендер болот", — деп айтып берди мекеменин жетекчиси Эркингүл Абдылдаева.

Директор Бишкекского социального стационарного учреждения для пожилых граждан Эркингуль Абдылдаева в кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эркингүл Абдылдаева: биз бардык шарт-талабы менен жерге беребиз. Мусулмандарга молдо, православдарга чиркөө кызматкери келет. Балдарына да чалабыз: "Апаңыз каза болду, келесизби?" десек, "келе албайм, убактым жок" дегендер болот

Ошол жердеги дүкөнгө баш бактык. Буламык же тишке жумшак нан сатылат дейсизби? Жок. Лимонад, тез даярдалуучу кесме, чач боектор тизилип турат.

"Эмнесине таң калып жатасыз! Бизде баш кошкондор да бар, жасанып-түзөнүш керек да. Керек болсо ажырашып кеткендер да кездешет", — деп жылмаят Абдылдаева. Жетекчинин айтканын өзүнүн сөзү менен берүүнү эп көрдүм.

…Бул жакка ар кандай себептер менен келишет. Кээде машина токтоп, андан колуна түйүнчөгүн кармаган кемпир түшөт. Анан бирөө кармап калчудай болуп айдоочу зуу коет. Карыянын колунда паспорту бар экенин көрүп кубанасың.

Бизде эч кандай акы алынбайт. Пенсиясынын 30 пайызы гана кармалып калат, калганын почточу ар кимдин колуна алып келип берет.

Ишке жарамдуу 10 кишиге алты бала жана бир карыя туура келет

Пенсия тараткан күнү кайдан-жайдан эле бала-бакыра пайда болуп калат. Бир кефир, 5-6 алма көтөрүп алып келип калышат. Карыялар бала кыял да, ошол замат баарын унутуп коюуга даяр.

Негизинен биздин мекеме жолдомо менен кабыл алат. Бул учурда балдары атасынан же энесинен баш тарткандыгы тууралуу арыз жазышы керек.

Балдарына бир нерсе десең, "Ишиңиз эмне, жолдомо турабы, кабыл алышыңар керек!" деп ороңдоп кетишет.

Бери келсеңиз, сизге сыймыктанчу жайыбызды көрсөтүп коелу — бул боорукердик бөлүмү, аны ачууга бизге ырчы Кайрат Примбердиев жардам берди. Ушул жерге төшөктө жаткан карыяларыбызды жайгаштырабыз. Брусчатканы көрүп жатасызбы? Буга чейин Ак үйдүн алдында төшөлүп турган. Журналисттер менен коркутуп жатып араң албадымбы.

Постояльец государственного дома престарелых в Кыргызстане сидит у окна
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Терезенин жарыгында кат окуп жаткан карыя

Бул болсо имараттын өзү. Булут сыяктуу шыпты байкадыңызбы? Муну төшөктө жаткан апаларыбыз менен аталарыбыз асманды элестетип жатсын деп жасадык. Бул бөлмөгө булут жетпей калды, бирок туш кагаздагы сүрөт абдан кооз.

Бир жолу эптеп-септеп атып циркке 70 билет алдык. Оюн жүрүп жаткан маалда бир кемпир ыйлап жиберди. "Ушунча болуп циркти көргөн эмесмин. Жаш кезимде убактым болгон жок, анан акча жок болуп калды. Кыялым орундалат экен деп ойлогон эмесмин" дейт…

Кинодогудай чоң үйдө жашаган карыялар

Эки кабаттуу жакшынакай үй. Ичине кирерибиз менен "Мен нанга кеттим! Нан жок! Талап кетишти!" деп кыйкырган аял тосуп алды.

"Күнү-түнү кыйкырып жүрө берет. Эч нерсе кыла албайсың, маал-маалы менен тынчтандыруучу дары берип коем", — деди жеке реабилитациялык борбордун башкы директору Римма Бактыбекова.

Генеральный директор частного реабилитационного центра и хосписа Римма Бактюбекова в кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Римма Бактыбекова: алгач бул имарат карылар үйү деп аталчу экен. Эч ким ата-энесин "карылар үйүнө" таштагысы келбегендиктен, мекеменин аталышын өзгөртүүнү туура көрүшкөн. Ошентип Реабилитациялык борбор болуп калган

Алгач бул имарат карылар үйү деп аталчу экен. Эч ким ата-энесин "карылар үйүнө" таштагысы келбегендиктен, мекеменин аталышын өзгөртүүнү туура көрүшкөн. Ошентип Реабилитациялык борбор болуп калган.

Римма жашы жетип калган жакынын алып келгендердин баары өзүн күнөөлүү сезерин мындайча айтып берди.

Пенсияга чыгып жаткан 58 жаштагы аял дагы 21 жыл, ал эми 63 жаштагы эркек — 14 жыл жашашы мүмкүн

Мен бул кишилерди эч күнөөлөбөйм. Киши багуу деле оңой оокат эмес. Дары алып бериш керек, доктуруна акча төлөө зарыл. Бейтапты багып, анын жанынан карыш жыла албасаң, акчаны ким бермек эле? Анүстүнө биздин карыларды эч ким таштабайт — балдары күнүгө келип абалдарын сурап турушат.

Мен өзүм да ушундай кырдаалга туш болгом. Чоң энем инсульт болуп, баарыбыз иштегендиктен, карай турган киши жок кыйналганбыз. Күнү-түнү караган жеке пансиондор болорун угуп, издесек эң жакыны эле Казакстанда экен. Анан өзүмдүн интернатымды ачууга бел байладым.

Постояльцы в государственном доме престарелых в Кыргызстане
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Карылар үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Негизинен бизге психикалык жактан жабыркаган, инсульт же рактын акыркы стадиясын башынан кечирип жаткан карыяларды алып келишет. Кээси ушул жерде көз жумат. Мындай адамдарды үйгө да жалгыз калтыруу кооптуу.

Карай турган киши жалдайын десең баасы асмандын башы — күнүнө 1500 сом! Анан да тамак жасашпайт, жалаяктарын алмаштырбайт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча пенсионердин жашоосу үчүн күнүнө кеминде 126 сом керектелет

Бир айга 24 миң сом алабыз. Азыр 8 киши жашап жатат. Мамелкеттик эмес, жеке Тез жардам чакырабыз, анткени медиктерге капельница коюуга тыюу салынган.

Жакыныңдын көз алдыңда жок болуп жатканын кантип кабыл алууга болот?

Психолог Леонид Соболев кары-картаңдар жардамга муктаж болуп, сизден башка эч кимиси жок экенин аңдап түшүнүү зарыл.

Анын айтымында, карыялардын алжуусу билинбей башталат, ооруну башында аныктоо өтө кыйын.

"Дартты адамдын курагы, генетикалык өзгөчөлүктөрү да шарттайт. Заманбап медицинада тигил же бул ооруну кечеңдетүүчү каражаттар бар деңизчи, бирок так диагнозду аныктоо үчүн алгачкы белгилер байкала баштаганда эле дарыгерге кайрылуу керек", — деди психолог.

…Замира акырын апасынын башынан сылап отурду. Энеси кээде жылмайып коет.

"Мурда өзүмдү өзүм жеп, ыйлап-сыктап, апама кыйкырып салчумун. Анан бул бир сыноо экенин түшүндүм. Кудай ар кандай жол менен бизге жакшылык жасоону үйрөтөт экен", — деди Замира мени узатып жатып.

Менин кетип баратканымды сезгендей керебеттеги кемпирдин эриндери кыбырай түштү…

2441
Белгилер:
Кыргызстан, балдар, оору, кары-картаң, Карылар үйү, ата-эне
Тема боюнча
Руслан Казакбаев: карылар үйүндөгү шарттарды жакшыртуу керек
Муфтият карылар үйүнө эки муздаткыч сатып берди
Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов. Архив

Акжолдун Токиодо калыстык кылып жаткан машыктыруучусу балбанды сүрөй албайт. Себеби

119
(жаңыланган 14:12 03.08.2021)
Кечээ, 2-августта, кыргызстандык адис Ахметов Токиодо грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмактагы балбандардын финалдык беттешине башкы калыстык кылды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодогу Олимпиада-2020да эл аралык деңгээлдеги калыстык милдетти аткарып жүрөт. Анын иш учурундагы сүрөтүн Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясы социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

Кечээ, 2-августта, кыргызстандык адис грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта беттешкендердин финалын башкы калыс катары тейледи. Анда кубалык Луис Альберто Орта Санчес менен япониялык Кинечиро Фумита беттешкен. Кубалык балбан упай айырмасында утуп, олимпиада чемпиону болду. Мындан сырткары, 77 килограмм салмакта өзүнүн шакиртинин (Акжол Махмудов - ред.) атаандаштары болгон ирандык Мухаммедали Гераи менен кубалык Йосванис Пена Флорестин кармашына калыстык кылды.

Жогоруда белгилегендей, Ахметов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалга чыккан кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу. Бирок спорттогу эрежелерге ылайык, арбитр болуп жүргөндүктөн өзүнүн тарбиялануучусу Акжол беттешке чыкканда жанына барууга, кеп-кеңешин айтып багыт берип турууга тыюу салынган.

119
Белгилер:
Мейрамбек Ахметов, Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү, калыс
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт
Мейрамбек Ахметов: Пекинде Канат Бегалиевди уурданып жүрүп колдоп келгем
Москва метросунда полиция кызматкерлери. Архив

Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп