Каракол шаарынын көчөлөрү оңдолбосо жаштар митингге чыгат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРазбитые дороги в Великом Новгороде
Разбитые дороги в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар шейшемби күнү митинг уюштурууну пландашкан. Бирок мэрия аларды сүйлөшүүгө чакырды.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев жолдордун оңдолушу боюнча жаштар менен жолукканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушуу мэриянын имаратында өткөн. Мэр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын жолдорун оңдоого багытталган иш-аракеттер туурасында маалымат берди", — деп айтылат маалыматта.

Каракол шаарынын активисттери өкмөткө Токтогул жана Жусуп Абдрахманов, Кыдыр Аке көчөлөрүн оңдоо боюнча шаар тургундарынын колу коюлган өтүнүч менен кайрылуу катты жиберишкен.

Эгерде бул маселе оң жагына чечилбесе жаштар митингге чыгууга аргасыз болушарын тегерек столдо билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0