Эркектердин достугу аялдардыкынан эмнеси менен айырмаланары иликтенди

Жазылуу
Достук мамилени сактоо үчүн аялдарга курбулары менен телефон аркылуу сүйлөшүү гана жетишсе, эркектер, тескерисинче, достук мамилени чыңдоо үчүн футбол ойноп же сыра ичип турушу керек.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Аял менен эркектер достук мамилени ар түрдүү жол менен түзүшөт. Окумуштуулардын мындай иликтөөсүн РИА Новости Guardian басылмасына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, достук мамилени сактоо үчүн аялдарга курбулары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, сырдашуу гана жетишсе, эркектер достук мамилени бекемдеп турушу үчүн, мисалы, футбол ойноп же сыра ичкени чогулушу керек.

"Аялдар достору менен абдан жакын мамиледе болуп, кокусунан алар менен урушуп кетсе, аны жаман кабыл алышат. Ал эми айымдарга салыштырмалуу эркектер достукка жөнөкөй мамиле жасап алар көпчүлүк учурда төрт-беш гана дос күтөт. Эгер ал досторунан алыстап кетсе, көп кайгырбайт, башка жаңы досторду таап алат", — деди илимпоз Робин Данбар.

Окумуштуулар ошондой эле достук мамилеге гендердик айырмачылыктар чоң таасир берерин кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0