Бишкектин бардык мектептерине видеокөзөмөл орнотулат

Жазылуу
Калаадагы 91 мектептин короосуна жана имараттын ичине камералар орнотулган.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жакын арада Бишкектеги бардык мектептерге видеокөзөмөл орнотуларын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай кадам окуучулар тарабынан түрдүү мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Калаадагы 91 мектептин короосуна жана имараттын ичине камералар орнотулган. Учурда үч мектепке видеокөзөмөл коюу иштери аткарылууда.

"Ошентип жакын арада Бишкектеги бардык мектепке видеокөзөмөл орнотулат", — деп айтылат маалыматта.

Мэриянын билим берүү башкармалыгы окуучуларга сабактын тышкаркы билим берүү иштерин активдештирүүдө. 2017-жылы окуучулар үчүн эки миңден ашык ийримдер уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0