Офтальмолог Мамытова: көзү агып түшүп калган ырчыны эстесем, жүрөгүм ооруйт

© SputnikУлуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдериинин кандидаты Бактыгүл Мамытова маек учурунда
Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдериинин кандидаты Бактыгүл Мамытова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз бул — жашоонун маңызы. Сиз деле көзүңүз аркылуу ушул материалды окуп жатсаңыз керек. Ал бар учурда дүйнө жарыктай сезилет. Бирок сиз көзүңүздүн баркын билесизби?

Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдериинин кандидаты Бактыгүл Мамытова менен журналист Гүлдана Талантбекова ден-соолук тууралуу маектешти.

— Бактыгүл Миталиповна, иш практикаңыз боюнча учурда Кыргызстанда көз ооруларынын кайсы түрү кеңири жайылып кетти деп эсептейсиз?

— Улуттук госпиталга көздүн жаракаты менен көп келишет. Бөтөнчө жаңы жылдан кийин жардыргыч заттан жабыркагандар, мушташтын кесепетинен көзү айрылып, тытылып калгандар келишет. Көк бөрү оюну учурунда жыгылып, аттын куйругу, камчынын учу тийип, керек болсо ат көзүн чыгара тепкендер бар.

Бизде мурун көз ооруларын аныктоо оор болчу. Анткени бейтаптар көздүн көрүүсү начарлагандын акыркы баскычына жеткенде келишчү. Бизге да ооруну аныктап, дарылоо кыйынчылык жаратчу. Бирок беш жыл мурун ошол кездеги финансы министри Аскарбек Шадиев менен устатым Михаил Медведев болуп көздүн тамографын алганбыз. Тамограф абдан керектүү аппарат. Ал аркылуу оорунун алгачкы стадиясын аныктап, дарылаганга жардам берет.

Андан кийинки кезекте көздүн глаукома оорусу турат. Мында көздүн басымы көтөрүлүп отуруп, нервди соолутуп салат. Биз тымызын жайлай турчу оору деп айтабыз. Убагында дарыланбаса майыптыкка жеткирет.

Невролог-массажист, су-джок терапевт Нуртилек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Укалоочу Усенбаев: мен иштеп жатканда кардарларым коңурук тартып уктап кетет
Бизде компьютердик синдром кеңири жайылган. Бардыгыбызда эле телефон, компьютер, интернет бар. Маселен, менин эки жаштагы неберемдин колунан планшет түшпөйт. Экрандан чыккан нурлар көздү кургатат, кызартат, жаш агызат. Жыйынтыгында көздүн начар көрүшүнө алып келет. Ушул жерден сиздерге пайдалуу "20,20,20" деген мыйзамды айта кетейин. Жыйырма мүнөт телефонду карап, жыйырма фунт же алты метр аралыкты 20 секунд караш керек. Негизи көз алысты караганда эс алат, жакынды караганда талыйт. Колубуз чарчаганда оор сумканы көтөрө албай калабыз го, ошол сыяктуу көздүн булчуңдары чарчап жакшы иштей албай калат. Ал үчүн ар кандай көнүгүүлөрдү жасаса болот. Атайын витаминдерди ичкенден көрө жер-жемиштин ширесин ичкен пайдалуу. Бир стаканга үч сабиздин ширесин кошуп, бир чай кашык зайтун майын куюп туруп отуз күн калтырбай ичип койсо көзүңүз бир жылга рахмат айтат.

— Көздүн жаракаты тууралуу айтып өттүңүз. Дарылоо жолдорун түшүндүрө кетсеңиз?

— Жаракат алган деңгээлге жараша дарылоо ыкмасы жүргүзүлөт. Кээде жеңил абалда майга же уксуска, тоого чыкканда ультракызыл нурга күйүп, ысык мончодо жабыр тартып калгандар келет. Бул учурда дары-дармек, көздүн атайын майы менен айыктырса болот. Орчундуу жаракат алса көзүн алмаштырганга чейин барып калабыз. Учтуу заттар киргенде тытылып, айрылып, агып калса тез арада анестезиологду чакырып көздү тигебиз.

Көз жабыркаганда тез аранын ичинде алып келбесе башка органдарга таасирин тийгизет. Жакында эле мектеп окуучусу байкабай кайчы менен көзүн айрып алыптыр. Бир жарым сааттын ичинде бизге келишти. Көзүнүн ичи ириңдей баштаптыр. Себеби кайчыда бактериялар көп болгон. Көзүн тигип, антибиотиктерди жазып бергенбиз. Жакшы болуп чыгып кетти.

© SputnikБактыгүл Мамытова: беш жыл мурун ошол кездеги финансы министри Аскарбек Шадиев менен устатым Михаил Медведев болуп көздүн тамографын алганбыз. Ал аркылуу оорунун алгачкы стадиясын аныктап, дарылаганга жардам берет
Офтальмолог глазной микрохирургии национального госпиталя, кандидат медицинских наук Бактыгуль Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Бактыгүл Мамытова: беш жыл мурун ошол кездеги финансы министри Аскарбек Шадиев менен устатым Михаил Медведев болуп көздүн тамографын алганбыз. Ал аркылуу оорунун алгачкы стадиясын аныктап, дарылаганга жардам берет

Эсимде, 2010-жылы революцияда көптөгөн жаш балдардын көздөрүнө ок кирген. Ошондо сегиз баланын көзүнүн ичине ок теше кирип арт жагына тыгылып калган. Аябай оор болду. Биз керек болсо көзгө кымындай зат кирсе да алып чыгышыбыз керек. Алып чыга турчу ар кандай өлчөмдөгү магниттер бар. Бизге ошондо Түркиядагы кесиптештерибиз жогорку деңгээлде баа беришкен. Анткени, биздин бейтаптар ал жакка дарыланабыз деп барганда түркиялык дарыгерлер "биз силердин офтальмологдорду абдан сыйлайбыз, алардан өткөн дарыгерлер жок" деп кайра бизге жөнөтүшкөн.

— Кыргызстандыктар көзүнө кандай мамиле жасайт деп ойлойсуз? Айына болбосо дагы жылына бир келип көрүнүп тургандар барбы?

— Саламаттыгына көңүл бурган адамдар маалы менен офтальмологдун кабинетине баш багып турат. Кесиптешим Валентина Ивановна менен дарыгерлерге лекция окуп, аймактарга чейин кыдырып жүрөбүз. Өлкөдө окулисттердин жаш курагы элүүдөн кийинкилер. Маянанын аздыгынан жаштар иштегиси келбейт. Биздин убакта биринчи гуманизм, экинчи иретте профессонализм деп үйрөткөн. Мындайча айтканда жеке көйгөйдөн мурун биринчи кезекте бейтапка көңүл койчубуз. Учурда жабдык жактан көйгөйлөр бар. Бирок улуттук госпиталда бизге керектүү аппараттар жетиштүү. Төмөндө айтып кеткен көздүн тамографы бир гана бизде бар. Ал менен бардык дартты аныктаса болот.

— Ушул жерден көздүн гигиенасына токтоло кетсеңиз?

— Көз — бул мээнин бир түрү катары бардык системалар менен тыгыз байланышта. Маселен, бейтап туберкулез менен ооруп дарыланбай жүрө берсе көзгө өтүп кетет. Ошондуктан көп ооруларды көз аркылуу билип коебуз.

Основатель проекта Келин на час Индира Темирканова и ее сотрудницы Махабат Курманбекова и Насыйкат Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
"Бир сааттык келин" кызматы: шакылдаган жеңеден тарта зымырайган келинчек болобуз
Адам биринчи кезекте жакшы эс алышы керек. Жакшы уктаганда көздөр кызарбайт, талыкпайт, булчуңдар эс алат. Бизде ультракызыл нурлар абдан бийик. Көбүнчө тоолуу жерде жашагандардын көзүнө чаң, күн, шамал, түтүн зыян алып келет. Көзү кычыша берип эт өсүп кеткендер бар. Аны операция жолу аркылуу тазалап коебуз. Мончо, сауна, бассейнге түшкөндө хлор заттар терс таасирин берет. Ошол себептен кышында аппак кардан, ысыкта күндөн коргоочу көз айнектерди сунуштайт элем.

— Жакшы эс албаганда көз кызарып калат. Айрым учурда эртели кеч дайыма кызарып жүргөндөр бар. Эмне себептен болушу мүмкүн?

— Себептери абдан көп. Менин көзүмдө эле экөө бар. Көз айнек тагынбай жүрөм. Анан көз айнеги жок көз алысты көргөнгө аябай аракет жасайт дагы түштөн кийин булчуңдар чарчап, чыңалып, анан кызарып калат. Март-апрель айларында аллергия башталганда да кызарат. Бирок жакшы жери көздүн аллергиясы 25 жаштан кийин өтүп кетет.

Коньюктивит деген бар. Азыр айланада вирус, бактериялар арбын. Маселен, маршрутканын кармагычын күнүнө жүздөгөн адам кармайт, үйгө келгенде колубузду жууганды унутуп калып көздү ушалап жиберебиз. Анан көздүн баарына бактериялар кирип кетип кычыштырат. Үйдө ар бир адамдын өзүнчө сүлгүсү болушу керек. Биз болсо бир сүлгү менен баарыбыз аарчынып отуруп инфекцияларды жугузуп алабыз.

Бизге Меккеге барып келгендер көзү кычышып, жаш куюлуп көп кайрылышат. Себеби ал жакта аба-ырайы ысык болгондуктан грибоктор көп. Дарыны туура жазып берсе эле жакшы болуп кетишет.

Жашы кырктан өткөндөр көз майынан тамызып турганы жакшы. Ал майлар көздү кургатпайт. Деңиз азыктарын көбүрөөк жеңиздер деп кеңеш берет элем. Тамак-ашка сабиз, төө бурчак, деңиз капустасы, балыктын түрлөрүн колдонуңуздар. А, С, В витаминдери көзгө абдан керектүү.

© SputnikБактыгүл Мамытова: 2010-жылы революцияда көптөгөн жаш балдардын көздөрүнө ок кирген. Ошондо сегиз баланын көзүнүн ичине ок теше кирип арт жагына тыгылып калган. Аябай оор болду. Биз керек болсо көзгө кымындай зат кирсе да алып чыгышыбыз керек
Офтальмолог глазной микрохирургии национального госпиталя, кандидат медицинских наук Бактыгуль Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Бактыгүл Мамытова: 2010-жылы революцияда көптөгөн жаш балдардын көздөрүнө ок кирген. Ошондо сегиз баланын көзүнүн ичине ок теше кирип арт жагына тыгылып калган. Аябай оор болду. Биз керек болсо көзгө кымындай зат кирсе да алып чыгышыбыз керек

— Алыстан жана жакындан начар көргөндөр бар. Оору эмне себептен келип чыгат жана дарылоо жолдорун айта кетсеңиз?

— Алыстан начар көрүп жакындан жакшы көргөндү миопия деп коет. Алысты жакшы көрүп жакынды начар көргөн дарт гипертария деп аталат. Ал эми алыстан дагы, жакындан дагы начар көргөндөр астигматизм дартына кабылгандар. Астикматизм менен жабыркагандарга цилиндрлик көз айнектерди тагынып жүрүү сунушталат. Жакындан начар көргөндөргө плюс көз айнек, алысты начар көргөндөргө минус көз айнек жазып беребиз. Минус жана плюс көз айнекти зарыл болгон учурда тагынганга туура келсе, астигматизм менен жабыркагандар цилиндрдик көз айнекти дайыма тагынып жүрүшү керек.

— 1, —2 болгондо көз айнек менен эле жүрө берсе болот. —3төн ашык болгондо лазердик операция жасоого туура келет.

— Операциянын кайсы түрүн жасоодо оорчулук жаралат?

— Аппараттын жоктугунан астигматизмди жасай албайбыз. Азыр ЖК депутаттары органдарды алмаштыруу боюнча мыйзам долбоорун өткөрө албай жатышат. Ошондуктан бизде трансплантациялоо көйгөйү бар. Кокус бейтап оор абалда келип калса, көзүн алмаштырганга туура келет. Ошондуктан көп адамдарды чет мамлекетке кетирүүгө аргасыз болуп жатабыз.

Бизде катаракта менен жабыркаган көзгө операция жасоо жакшы өнүккөн. Мындайча айтканда биздин офтальмологдордун колунан операциянын бардык түрүн жасоо келет. Айрым учурда аппараттын жетишсиздиги көйгөй жаратат.

— Эми линза тууралуу суроо узатсам. Оорулуу бейтапка линза канчалык деңгээлде жардам берет? Сулуулук үчүн түркүн-түстүү линзаларды салдыра берүү зыян эмеспи?

Руководитель Школы пациентов Айгуль Кулдаева - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Кулдаева: себеби жок капалануу эмчек рагына алып келет
— Сырткы линза деген бар. Аны жөн гана көздүн үстүнө кийип алат. Маселен, көзүнүн көрүүсү —10 —15 болуп кеткен бейтаптарга калың көз айнектен көрө линза тагынган ыңгайлуу. Кээ бир кесипти аркалагандар линза тагынганга мажбур болот. Маселен, кайсы балеринаны көз айнек тагынып алып бийлегенин көрдүңүз эле? Ал эми сулуулук үчүн линзаны киргизип кайра чыгара берүү көзгө зыян. Көздүн астына кислород да азыраак кирип жабыр тартат. Катаракталык линза болсо операция учурунда коюлуп өмүр боюу алынбайт. Линзанын түрлөрү, баалары да ар кандай.

Улуттук госпиталь мамлекеттик болгондуктан жетекчибиз Динара Сагынбаева бейтаптарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, линзаны акысыз алып бергенге аракет жасайт. Льготалык категория менен алганда 80 жаштан ашкандарга, майыптарга, согуш ардагерлерине, баатыр энелерге бекер берилет.

— Жасалма көз деген бар эмеспи. Аны салганда деле көрүп кетпейт экен, жөн эле боштукту толтуруш үчүн тагылат деп айтышат.

— Адам катуу жарадар болгондо көздү алып салууга туура келет. Ошол боштукту толтуруш айнектен жана пластмассадан жасалган жасалма көздөр бар. Кээде ат көздү чыгара тебет. Топтоголок бойдон бетке салаңдап калат же нерви кошо жулунуп кетет. Соо көзү болсо, жасалма көзүн аны менен бир убакытта кыймылдагыдай кылып жасап беребиз. Көз алынгандан кийин эки жуманын ичинде салынышы керек. Андан ашык созулса бош жерге эт өсүп кетет. Көбү шалаакылыктын айынан же каражаты туура келбей салдыра албай калышат. Бизде жасалма көз борбордогу жеке клиникалардын биринде гана салынат. Баасы да арзан эмес.

Көздү аярлаш керек. Өзгөчө күзүндө кожойкелер кышкы азыктарды жасап жатып уксусту чачыратып алганда көз тунарып калат. Машине оңдоп иштегендер аккумулятордук суюктуктарды чачыратып, болгарка менен иштегендер көзүнө темирдин кыпынын киргизип алып келгендер арбын.

— Айланабызда тубаса азиз адамдар бар. Алардын маңдайына эмне үчүн мындай тагдыр жазылып калат?

— Бала курсактагы кезинде энесинин саламаттыгына ар кандай вирустар терс таасирин бериши мүмкүн. Краснуха деген вирус баланын көрүүсүнө зыян алып келет. Ошондуктан энелерге баланы пландап жатканда медициналык кароодон өтүңүздөр деп кеңеш берет элем.

Бала төрөлгөндө эки-үч айынан баштап көзү көргөн-көрбөгөнү билинет. Ымыркай беш айдан өткөндө энесин тааный баштайт. Дарыгерге бир жана үч жашында көрсөтүп, беш жана жети жашында операция жасатып койсо болот.

— Ар бир дарыгердин башынан өткөн окуяны угуу мен үчүн абдан кызык жана салттуу суроолорумдун бири. Сиз дагы мени куру калтырбайсыз деп ойлойм?

Дарыгер-невропатолог Темирбек Бекбоев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Невролог Бекбоев: сөз адамды өлтүрө да, дарылай да алат!
— Мен үчүн кичинекей балдар менен иштөө кыйынчылык жаратат. Алар чыңырып ыйлаганда жанымды коерго жер таппай калам. Бир жолу кичинекей бала ходунок менен чуркап жүрүп спиралдары чыгып турган жылыткычтын үстүнө жыгылып кетип бети менен кошо көзү күйүп калыптыр. Чындыгында абдан оор болду…

Балыкчыдан эки киши арак ичип олтуруп бири экинчисинин көзүнө бычак сайып салыптыр. Бейтап мага ошол сайылган боюнча келген. Кудай жалгап көзгө жара сайылбай капталынан өтүптүр. Мен болсо эсим чыгып калды, өзү болсо сүйлөнүп басып жүрдү. Кийин дарыланып чыгып кетти.

Бир жолу келишимдүү, ырчы бала келди. Ал көзүнө ок жеп куюлуп калыптыр. Жасалма көз салганга туура келди. Ич ачыша турган окуя. Себеби баланын карьерасына балта чабылды. Өзү да абдан депрессияга түштү.

© SputnikБактыгүл Мамытова: жашы кырктан өткөндөр көз майынан тамызып турганы жакшы. Ал майлар көздү кургатпайт. Деңиз азыктарын көбүрөөк жеңиздер деп кеңеш берет элем. Тамак-ашка сабиз, төө бурчак, деңиз капустасы, балыктын түрлөрүн колдонуңуздар
Офтальмолог глазной микрохирургии национального госпиталя, кандидат медицинских наук Бактыгуль Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Бактыгүл Мамытова: жашы кырктан өткөндөр көз майынан тамызып турганы жакшы. Ал майлар көздү кургатпайт. Деңиз азыктарын көбүрөөк жеңиздер деп кеңеш берет элем. Тамак-ашка сабиз, төө бурчак, деңиз капустасы, балыктын түрлөрүн колдонуңуздар

Оштон бир апаны алып келишти. Көзүнүн катарактасы өтүшүп кеткен абалда экен. Өз убагында дарылабаса глаукомага айланып, көздүн ичинен көбөйүп отуруп сыртка чекчейип чыгып кетет. Катуу ооруп келгендиктен шашылыш түрдү операция кылуу керек деп калдык. Апа мага "жасай аласыңбы, болбосо Саламаттык сактоо министрлигин баш кылып тизип коем" деди. Анан Кудай деп операциясын жасап бүтүп, таң аткыча сарсанаа болуп уктаган жокмун. Эртең менен бейтапканага келип "апа, бирдеме көрүп атасызбы?" десем, "оо айран" деди. Көзү тунарып эчтеке көрбөй калган экен деп эсим чыгып кетсе, көрсө, биринчи көргөнү айран болуптур. Анан апа сүйүнгөнүнөн колумду өөп ийбедиби…

Работа родильного отделения Калининградского родильного дома №4 - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Наби Тагиев: акушерлердин эркек болгону жакшы
Нарындан эки көзү көрбөй калган атаны алып келишти. Өзү жакшы мергенчи экен. Таң калыштуусу бир учурда тең эки көзү көрбөй карайлап калыптыр. Ал кишинин короосуна карышкыр кирип койлорун жеп кете бергенде ачууланып ошол карышкырга капкан коюп кармап, жөн эле өлтүрбөстөн тирүүлөй терисин сыйрыптыр. Анан ошондо карышкыр менин көзүмдү ыйлагандай аянычтуу караган деп айтып берди. Көзүн айыктырып берип, экинчи мындай иш кылбаңыз деп кетиргенбиз. Кийин анан жыл сайын ыраазычылыгын айтып бир кой жеткизип турду (күлүп).

Ар бир операция биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ишенесизби, Кудайга, өзүнө ишенген адамдардын операциясы май кескендей жеңил өтөт. Кээде бир аракеч же кыялы жаман адамдар болсо болбогон жерден операция учурунда кан тамыры үзүлүп кетет же бир көйгөй чыга берет.

— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Биз көз аркылуу айлана-чөйрөнүн токсон пайызын көрөбүз. Адамдын ички сулуулугу дагы көз аркылуу билинет. Лев Толстой көз жан дүйнөнүн күзгүсү деп бекеринен айтпаса керек. Биз кабатырланып, сүйүнүп турсак анын баары көздөн көрүнөт.

Жакында эле досум таякесинин көзүн көрсөткөнү келиптир. Эгер мага "дүлөй болгуң келеби же азизби деп сураса, мен көзүм көрүп турсун деп суранмакмын" деп азил-тамаша кеп кылды эле. Кыргызда бекеринен чечекейди сакта деп айтпайт. Көзүңөр кызарса, кычышса, начар көрүүнү байкасаңар дароо бизге кайрылгыла. Кырктан өткөндөргө атайын көздүн майын тамызып жүргүлө деп айтмакчымын. Жаштар телефонду азыраак тиктеп, көздү эс алдырып туруңуздар. Өзгөчө кечинде телефон чукугандарга кулак кагыш. Качан үйдөгү жарык өчкөндө телефондун жарыгын тиктеген карек болушунча кеңеет. Түнкүсүн башын салаңдатып алып уктаган көздүн тамырларына зыян. Кыскасы, көзүңөргө аяр мамиле жасагыла.

Жаңылыктар түрмөгү
0