ЖК төрагасы Чүй облусун кыдырып, мектепке акча бөлдү

© Фото / пресс-служба ЖК КРТөрага Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү
Төрага Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төраганы депуттар, министрликтердин өкүлдөрү коштоп жүрүүдө.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Төрага Чыныбай Турсунбеков Чүйдүн Кошой-Коргон айылындагы бала бакча имаратында жайгашкан мектепке акча каражатын тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, спикер Кошой-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектепке барган.

"Турсунбеков бала бакча имаратында окуп жаткан балдарга интерактивдүү такта үчүн төраганын резервдик фондусунан 100 миң сом акча каражатын тапшырды", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Турсунбековдун Чүй облуска болгон жумушчу сапарын депутаттар Бактыбек Жетигенов, Акылбек Жамангулов, Пархат Тулендыбаев, Бахадыр Сулейманов жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0