Бишкек шаарынын окуучулары Улуттук гвардияга экскурсия жасашты

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери. Архив
Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар "Пантера" отрядынын "Антитеррор" аттуу машыгуусуна күбө болушту.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ата мекенди коргоо күнүнө карата Бишкек шаарынын окуучулары Улуттук гвардияга экскурсия жасашканын мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, ачык эшик күнү Улуттук гвардиянын 714-аскер бөлүгүндө өткөн.

"Иш-чарага 25тен ашык мектеп окуучулары катышкан. Алар заманбап курал-жарактарга күбө болуп, казармаларды, музейлерди жана аскер ашканаларын кыдырышты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле окуучулар "Пантера" отрядынын "Антитеррор" аттуу машыгуусуна күбө болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0