Атамбаев: 23-февраль — өзүнүн келечегин коргоого даяр эр жүрөктөрдүн майрамы

Жазылуу
Өлкө башчы өз сөзүндө бүгүн кыргыз эли мекен үчүн өмүрүн кыйган, аны урпактар үчүн сактап, мурас кылып калтырган ата-бабалардын улуу эрдигине, жаркын элесине, элдин майтарылбас улуу рухуна таазим этерин белгилеген.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Жыл сайын 23-февралда белгиленип келе жаткан Мекенди коргоочулар майрамы эрдиктин, каармандыктын жана чыныгы мекенчилдиктин символу. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Мекенди коргоочулардын күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат.

Өлкө башчынын сөзүндө бүгүн кыргыз эли мекен үчүн өмүрүн кыйган, аны урпактар үчүн сактап, мурас кылып калтырган ата-бабалардын улуу эрдигине, жаркын элесине, элдин майтарылбас улуу рухуна таазим этерин белгилеген.

"Бабаларыбыздын куттуу жергебизди көздүн карегиндей сактап, тынчтыкта жана ынтымакта жашагыла деген улуу осуятын аткаруу Мекенин сүйгөн ар бир кыргызстандык жаран үчүн ыйык парз болуп саналат. Ушул күнү биз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, башка согуштарда кан-жанын аябай күрөшкөн эр жүрөк жоокерлерге өзгөчө көңүл буруп, аларды урмат-сыйга бөлөйбүз. Бул майрам Мекенин коргоого, эл-журтуна ак кызмат кылууга ант берип, аны абийирдүүлүк менен аткарып жаткандардын майрамы", — деп айтылат куттуктоодо.

Атамбаев 23-февраль — өз Мекенин, өз үйүн, өз ишин жана өз жакындарын, өзүнүн келечегин коргоого даяр эр жүрөк жана руху күчтүү жарандарыбыздын майрамы экенин белгилеп, бардык коргоочуларга бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0