АКШдагы кыргыз адвокаты Манас: мекендештерди менчелик башка адвокат түшүнө албайт

© Фото / Мээрим Жыргалбек кызыЮрист, занимающийся иммиграционным правом в США Манас Муратбеков
Юрист, занимающийся иммиграционным правом в США Манас Муратбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балалыгы Баткен облусунда өтүп, кийин Американын Ыйык Собор университетинин алдындагы Юридикалык мектебинде билим алган (ST. THOMAS UNIVERSITY SCHOOL OF LAW) Манас Муратбеков бүгүнкү күндө Нью-Йорк штатында адвокат лицензиясын алып, Кыргызстандан жана Борбор Азиядан барган мигранттардын укугун коргогон алгачкы кыргыз жактоочусу.

Океандын ары жагындагы мекендештерге юридикалык колдоо көрсөтүп жүргөн жердешибиз Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ийгилик сырлары менен бөлүшүп, Америкада мыйзамсыз жүргөн мигранттарга кеп-кеңешин бере кетти.

— Манас мырза, алгач өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз, кайсы жактан билим алып, балалыгыңыз кайда өттү эле?

Чехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда Евробиримдиктин Эразмус Мундус долбоору аркылуу окуп жаткан кыргызстандык студент Айгерим Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Чехияда окуган Айгерим: 1000 евро стипендия алып, бай чехтердин катарындамын
— Мен Бишкек шаарында эле төрөлгөм. Бирок эки жашка чыкканда ата-энемдин кызматына байланыштуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына көчүп барып, балалыгым ошол жакта өттү. Кайра борбор калаага 12 жашымда келип, орто мектепти бүткөндөн кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетине тапшыргам. Университетти бүткөндөн кийин окуумду АКШнын Майами шаарындагы Ыйык Томас университетинин алдындагы Юридикалык мектептен уланттым.

— Азыр АКШда адвокат лицензиясын алган алгачкы адвокат экенсиз, буга жетүү оңойго турбаса керек?

— Албетте, жеңил болгон жок. Башкалардай болуп чет жакта окуп, билимимди жогорулатсам деген жакшы ой-тилектер бар болчу. Улуттук университеттин акыркы курсунда окуп жатканда Ыйык Томас университетинин Юридикалык мектебине адам укугу боюнча магистратура программасына тапшырып койгом. Окуу менен бирге ар кандай жумуштарда иштедим, кыйналдым дегендей. 

© Фото / Мээрим Жыргалбек кызыЮрист Манас Муратбеков АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп менен
Юрист, занимающийся иммиграционным правом в США Манас Муратбеков - Sputnik Кыргызстан
Юрист Манас Муратбеков АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп менен

— АКШда жүргөнүңүзгө канча убакыт болуп калды?

— Америкада 2004-жылдан бери жүрөм. Алгачкы жылдары Майамиде иштеп, окудум. Андан кийин тагдыр мени Сан-Франциско жана Нью-Йорк шаарларына алып келди. Мындан сырткары, Канада жана Мексикада да жашап калдым.

Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкө кыргызстандыктар үчүн бөлгөн гранттык орундар. Окууга өтүүнүн шарт-талабы
Ар кандай кыйынчылыктарга туш болгондо мекенимди, ата-энемди абдан сагындым. Чынын айтсам, кээде баарын таштап, кетип калгым келчү. Бирок колунан эч нерсе келбеген адамдай көрүнгүм келбегендиктен, көк беттенип оюмду ишке ашырууга аракет кылдым. Баарынан да кыйыны Американын укуктук системасына көнүү болду. Ошентип жүрүп кесибиме байланыштуу жакшы адамдар менен дос болуп, алар мага туура кеңештерин берип, өзүмдүн аракетим менен ушуга жеттим.

— АКШда адвокат лицензиясын каалаган эле ала бербесе керек…

— Ооба, лицензия алуу кыйын. Мисалы, кыргызстандык юристтер өзүнүн билим алуусун АКШга кредиттик негизде которушу керек, адвокат лицензиясына дал келүү үчүн адвокат ассоциациясынан текшерүүдөн, тийиштүү экзамендерден өтөсүң, ошентип жүрүп араң юридикалык ишмердүүлүгүңдү баштай аласың. Бул жакта мыйзам абдан күчтүү.

— Көздөгөн максатыңызга жеттим деп ойлойсузбу?

— Максаттарым акырындык менен ишке ашып келе жатат. Нью-Йорк штатында лицензия алдым. АКШнын 50 штатында укуктук кызмат көрсөтөм. Муктаж болгондорго колуман келген жардамымды берем. Бирок мен аткара турган иштер дагы да болсо алдыда.

© Фото / Мээрим Жыргалбек кызыКыргызстык юрист Америкадагы кесиптештери менен
Кыргызстык юрист Америкадагы кесиптештери менен - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстык юрист Америкадагы кесиптештери менен
© Фото / Мээрим Жыргалбек кызыКыргызстандык адвокат Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын укугун коргоп келет
Кыргызстандык адвокат Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын укугун коргоп келет - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кыргызстандык адвокат Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын укугун коргоп келет
1/2
Кыргызстык юрист Америкадагы кесиптештери менен
2/2
Кыргызстандык адвокат Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын укугун коргоп келет

— Сизге биздин мекендештер көбүнчө кандай маселелер менен кайрылышат? Мисал келтирип айта аласызбы?

Аналитик компании Facebook из Кыргызстана Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
— Мен өзүм лицензияланган адвокат болгондуктан келген кардарларымдын аты-жөнүн же конкреттүү түрдө бирөөнү мисал келтирип айта албайм. Биздин мекендештер бул жакка келгенде Кыргызстанда жүргөндөй жүрө беришет. Айрымдары коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичпөө керектигин билишпейт. Бир айдоочулук күбөлүктү бир канча киши колдонот, кээ бири иштеген жерлери менен туура келишим түзбөй акча ала албай алданып калган учурлары болот. Мындай майда иштер көп эле катталат. Ал эми өз ишимде жакынкы аралыкта кездештирген олуттуураак учурларга токтолсом: мыйзамсыз чек арадан өтүп кетүү маселеси менен кайрылгандар көп. Кээ бирлер кармалганда өзүн кантип алып жүрүү керектигин билбейт. Мен караган соттук иштерде, мисалы, күнөөлүү тарап өз өлкөсүндө соттолуп, бирок бул тууралуу айтпай калган же жашырып койгон болот. Биздин кардарлар статус берилген мөөнөтүн узартып ийишкен же кандайдыр бир себептерден улам бузуп алгандыктан иммиграциялык статус боюнча маселелер көп катталат.

— Сиз бир гана биздин мекендештер менен гана эмес, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен да иштешесизби?

— Албетте, ар түрдүү улуттун өкүлдөрүнө кызмат көрсөтөм. Бирок Борбор Азия, кыргыз мигранттарына көбүрөөк жардам бергенге аракет кылам. Себеби аларды менчелик башка адвокат түшүнө албайт. Маданият, менталитетибиз бир да, мен алардын жан дүйнөсүн жакшы билем.

— Адвокат баасы кымбат болсо керек. Мекендештерге жеңилдиктер болобу?

— Ооба, бул жакта адвокаттардын баасы арзан эмес. Бирок мен мекендештеримдин бул жакта мыйзамдуу жашап, кыялы орундалышына жардам берип колуман келген аракетимди жасайм.

— Учурда АКШга жаңы президент келип, мыйзамсыз мигранттарды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча жарлыктарды чыгарып жатат. Бул биздин мигранттарга кедергисин тийгизип калбайбы?

— Менин билишимче кыргыз мигранттары үчүн атайын жарлык, токтомдор чыга элек жана чыкпайт болушу керек. Ошондуктан тынчсызданбай деле койсо болот. 

© Фото / Alexey OlivenkoАдвокат Манас Муратбеков: ар кандай кыйынчылыктарга туш болгондо мекенимди, ата-энемди абдан сагындым. Чынын айтсам, кээде баарын таштап, кетип калгым келчү. Бирок колунан эч нерсе келбеген адамдай көрүнгүм келбегендиктен, көк беттенип оюмду ишке ашырууга аракет кылдым.
Юрист, занимающийся иммиграционным правом в США Манас Муратбеков - Sputnik Кыргызстан
Адвокат Манас Муратбеков: ар кандай кыйынчылыктарга туш болгондо мекенимди, ата-энемди абдан сагындым. Чынын айтсам, кээде баарын таштап, кетип калгым келчү. Бирок колунан эч нерсе келбеген адамдай көрүнгүм келбегендиктен, көк беттенип оюмду ишке ашырууга аракет кылдым.

— Америкада мыйзамсыз миграция деген эмне?

— Мыйзамсыз миграция бул жакта эки негизде ишке ашат. Биринчиден, АКШнын аймагына мыйзамдын чегинде келип, бирок алган визасынын убагы бүтүп калса мыйзамсыз болуп калат, экинчиден, чек араны мыйзамсыз өтүп кеткендер. Биздин мекендештер көпчүлүк учурда биринчи вариантка келип такалышат. Эгер визасынын убактысы бүтүп, бирок бул жакта калууну пландап жатса АКШнын жаранына турмушка чыгып же аял алуусу керек же өз өлкөсүнөн саясий куугунтук алуу зарыл. Бул процесс дароо эле бүтө калбайт, бирок юристтердин жардамы менен маселени чечсе болот.

— Азыр жаңылыктарда мыйзамсыз мигранттарды топ-тобу менен камап жаткандар байма-бай көрсөтүлүп жатат. Мындай кырдаалга биздин жарандар туш болуп калса сиздин кеңешиңиз?

— Эгер АКШнын иммиграциялык кызматынын агенттери эшигиңизди кагып келип калса:

  • дароо эшикти ачпай, сабырдуу болуңуз. Буга сиздин укугуңуз бар;
  • сырттан алардан эмне себептен келгенин сураңыз. (Колдон келишинче котормочу талап кылыңыз)
  • эгер алар үйгө кирүүнү суранса, биринчи сот тарабынан жазылган ордерин талап кылыңыз. Эгер бар болсо, терезеден же эшиктин ачык жеринен ачып көрүңүз.
  • эгер алардын сот тарабынан берилген ордери жок болсо, сиз аларды үйгө киргизбей коюуга укуктуусуз.
  • эгер алар үйгө күч колдонуп кирип келсе сиз каршылык көрсөтпөй, үйдөгүлөргө да тынч болууну буйруңуз
  • сизди кармап кеткен учурда да каршылык көрсөтпөстөн унчукпай, адвокат менен сүйлөшмөйүнчө документ көргөзбөй турганыңызды айтыңыз.
  • эске сала кетсем, I-200 же I-205 формасындагы ордер алып жүргөн агенттер сиздин макулдугуңуз жок үйгө кире албайт.

Microsoft жана Google компанияларында күч сынаган Акжол
— Кыргызстан мыкты юристтерге муктаж. Кыргызстанга келип юридикалык ишмердүүлүгүңүздү улантуу оюңузда жокпу?

— Албетте, келечектеги пландарымда бар. Бирок бул боюнча айтуу азырынча эртелик кылат. Бул жакта ишке ашырчу идеяларым көп. Биз ар дайым чет жакта жүргөнүбүз менен өлкөдөгү жаңылыктарды окуп, жакшысына сүйүнүп, жаман нерсе уксак санааркап турабыз.

— Ийгиликке жеткен адам катары АКШга барууну кыялданган адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Кыялды ишке ашыруу керек. Эгер сиз чындап, аябай чет жакка барып окугуңуз келсе бул сөзсүз түрдө ишке ашат, бирок ошого жараша аракеттенүү керек. АКШга келе турган болсоңуз сөзсүз түрдө мыйзамдуу жол менен келүү керек. Бул жакта мыйзамдын чегинде жашап, акылың менен иштеп, жашасаң баары орундалат. Эң биринчи ошол нерсе бааланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0