Алмамбет Шыкмаматов УКМКда сурак берүүдө

© Пресс-служба президента КРАлмамбет Шыкмаматов министр юстиции Кыргызской Республики
Алмамбет Шыкмаматов министр юстиции Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Шыкмаматовго карата Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп иш козгоду.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов учурда УКМКда сурак берип жатканын эл өкүлү Каныбек Иманалиев билдирди.

Мурдагы башкы прокурор, азыркы депутат Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Адвокат: Салянова сурак материалдарын жарыялабоо боюнча УКМКга тил кат жазды
Эске сала кетсек, Башкы прокуратура Шыкмаматовго карата Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп иш козгогон.

Депутат менен чогуу Эсеп палатасынын кызмат адамдарына "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде айып тагылууда.

Анын айтымында, Шыкмаматов саат 10:00дө сурак берүү үчүн УКМКга кирип кеткен.

"Саат 13:00дө анын жактоочулары УКМКнын алдына чогулабыз деп жатат. Шыкмаматовдун сурагы качан бүтөрү белгисиз", — деди Иманалиев.

Буга чейин эл өкүлү эч жакка качпай тургандыгын, адвокат жалдап укугун коргой тургандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0