Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоо иштери жүрүп жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекМойка столичных улиц работниками "Тазалык"
Мойка столичных улиц работниками Тазалык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Токомбаев, Абдрахманов, Фучик көчөлөрүндө, Чүй, Манас проспектилеринде жана Жаш Гвардия бульварында тазалоо иштери башталды.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрү менен аялдамаларын жууп-тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тазалоо иштерин "Тазалык" ишканасынын жумушчулары жүргүзүүдө.

"Учурда Токомбаев, Абдрахманов, Фучик көчөлөрүндө, Чүй, Манас проспектилеринде жана Жаш Гвардия бульварында тазалоо иштери башталды. Жууп тазалоо иштерине атайын тогуз унаа жана ишкананын жумушчулары чыккан", — деп жазылат маалыматта.

Борбордук көчөлөр тазаланган соң бул иштер башка жолдордо дагы уланат. Мындан улам мэрия бардык калаа тургундарын тазалыкты сактап, таштандыга акыларын өз убагында төлөп турууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0