Айназиктин өмүрүн сактоо үчүн каражат ашыгы менен чогулду

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгерлер операция учурунда. Архив
Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Керектелген каражаттан 150 миң сом ашыгы менен чогулду. Бул акча муктаж болгон башка балдарга жумшалат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Үч жашар Айназик Турдубекованын ичегисине операция жасатуу үчүн керектелген каражат чогултулганын кыздын дарыгери Агзам Данияров билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы 11 миң доллар чогулган (750 миң сом) — бул керектелчү каражаттан 150 миң сомго көп.

"Биз бул сумманы көңүл кош мамиле жасабаган адамдардын арты менен чогулта алдык. Каражат көйгөйү жоюлду. Мындан тышкары, бизге кайрымдуулук фонддор дагы жардам берерин айтышкан. Ошондуктан ашыкча каражат пайда болду. Эми ага муктаж болгон баланы издеп жатабыз", — деди кыздын дарыгери.

Продажа выпечки и сладостей для сбора денег Ильясу Ахунбаеву - Sputnik Кыргызстан
Медакадемия студенттери курсташынын операциясына таттуу токоч сатып акча чогултууда
Ал кошумчалагандай, акчалай жардам өкмөт менен Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан дагы берилмей болду.

Айназикке буга чейин төрт операция жасалган, бирок алар жыйынтыгын берген эмес. Тескерисинче, операциядан кийин акыбалы начарлап кеткен.

Эми кызга Москва шаарындагы профессор Алексей Смирновдун клиникасында операция жасатылмай болду. Айназик шейшемби күнү эртең менен Москвага учуп кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0