Окумуштуулар жыныстык жашоо вирустардан улам пайда болгондугун айтышууда

© Sputnik / Михаил Киреев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Снеллдин айтымында, окумуштуулар бир топтон бери эле жыныстык көбөйүү кантип пайда болгондугуна баш катырып келет.

БИШКЕК, 25-фев. – Sputnik. Жыныстык клеткалардын биригишин жөндөп турган гендер биздин байыркы ата-бабалардын организимине кирип кеткен вирустардан улам пайда болгон. Бул туурасында РИА Новости Cell журналына жарыяланган илимий макалага шилтеме кылып билдирди. 

"Жаратылыштын өзү клеткалар бири-биринин жардамы менен биригип, бүтүндүккө айланып кете турган бир нече ыкмаларды түзүптүр. Мындай белоктун байыркы түрү менен Жер бетиндеги бир топ организимдер көбөйүп келет. Ал түзүлүшү боюнча азыр биз айтып жаткан Зика жана дене калтыратмасынын молекуласына окшош келет", — деп билдирген АКШдагы Мэриленд университетинин кызматкери Уильям Снелл.

Көп клеткалуу жана бир клеткалуу организмдердин башкы өзгөчөлүгү алар генетикалык материалдары менен өз ара алмашып, жыныстык жол менен көбөйө алышат же болбосо байыркы заманда ушундай болгон дешти окумуштуулар. Мындай болгондо көп клеткалуу организмдер менен атайын жыныстык клеткалар бир бүтүндүккө айланат. Ал эми бир клеткалуу организмдер башкага кошулат да, жаңы клеткаларды жаратып, андан соң эки же андан ашуун бөлүктөргө чачырап кетет.

Гостиница Украина откроется под новым названием Radisson Royal Hotel, Moscow после трех лет реконструкции - Sputnik Кыргызстан
Швецияда депутат иш учурунда тыным алып, төшөккө бут сунуп келүүнү сунуштады
Снеллдин айтымында, окумуштуулар бир топтон бери эле жыныстык көбөйүү кантип пайда болгондугуна баш катырып келет. Көпчүлүгүнүн пикиринде, секстин пайда болушунун себеби жөнөкөй эле — ал жаныбарларда жашоо узактыгы кыска жаңы инфекциялардын, мителердин пайда болушун шарттаган. Булардын өмүрү көп клеткалууларга караганда алда канча аз болгон. Ал эми башка жагынан алып караганда, биздин ата-бабаларга бул кантип берилгени туурасында азырынча толук изилденип чыга элек.

Снелл менен анын кесиптештери сперматозоид менен жумурткаларды бириктирген белокту изилдеп отуруп, бул табышмактын жообун тапкан. Илимпоздорду бириктириши мүмкүн делген HAP2 белогу кызыктырган. Бул бир клеткалуу жаныбарларда, деңиз өсүмдүктөрүндө, мителерде кездешкен.

Безгекти изилдей келгенде бир клеткалуулар бул генди адамдын организимине кириш үчүн пайдаланаары белгилүү болгон.

Мындай ойдон улам, окумуштуулар HAP2 менен вирустар, башка патогендерди жуктуруу үчүн пайдалана турган башка белоктордун түзүмүнө салыштырган. Жыйынтыгында, HAP2 башка вирустар клетканын ичине кирип кете турган фузоген-белокторго окшош экендиги белгилүү болгон.

HAP2 белогу безгек, токсоплазмоз жана карашалоо сыяктуу оорулардын козгогучу экени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0