КР жаштарына Россиянын юридикалык университетинен гранттык 30 орун берилди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАбитуриенттер. Архив
Абитуриенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактан ийгиликтүү өткөндөргө стипендия берилип, жатакана менен камсыздалат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россиянын алдыңкы юридикалык университетинин бири кыргызстандык жаштарга гранттык орун берди. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматы кабарлады.

Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкө кыргызстандыктар үчүн бөлгөн гранттык орундар. Окууга өтүүнүн шарт-талабы
Маалыматка ылайык, Урал мамлекеттик юридикалык окуу жайы кыргызстандык бүтүрүүчүлөр үчүн бакалавр жана магистратура боюнча 30 бюджеттик орун бөлдү. Мындай чечим Кыргызстандын миграция кызматы менен аталган ЖОЖдун жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүдөн кийин кабыл алынган.

Ага ылайык, аталган окуу жайга тапшырууну каалаган студенттер февраль айынын соңуна чейин http://russia.study сайтынан каттоодон өтүүсү керек. Андан соң алар экзамен тапшырышат.

Сынактан ийгиликтүү өткөндөр акысыз билим алып, стипендия жана жатакана менен камсыздалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0