Сузакта имамдар маданияттуулук боюнча сабак алууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан имам. Архив
Куран китебин окуп жаткан имам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Семинар Жалал-Абад казыяты тарабынан уюштурулуп, райондун бардык мечиттеринин имам хатибдери катышкан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Сузак районунда имамдардын билим деңгээлин, маданияттуулугун жогорулатуу боюнча семинар болуп өткөнүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Аталган семинар Жалал-Абад казыяты тарабынан уюштурулуп, райондун бардык мечиттеринин имам хатибдери катышкан

"Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз Закиров кары имамдардын жүрүш-турушу, этика-эстетикасы боюнча сабак өтсө, казынын илимий жардамчысы Алибек ажы Батыралиев имамдардын милдеттери жана жоопкерчилиги тууралуу маалымат берди", — деп жазылат билдирмеде.

Мындан сырткары, фатва бөлүм башчысы Бакытбек Түнгатаров жумада баян айтуу, аттестациядан өтүү, айлык отчет жазуу боюнча түшүндүрмө берсе, мечит бөлүм башчы мечиттердин тазалыгы, каттоодон өткөрүүнү ыкчамдатуу сыяктуу маселелерге токтолгону айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0