Жеңишбек акын: эки саясатчы тебишти, арты кандай болот деп атпай журтум кейитти

© Фото / Суйун ОткеевАкын Женишбек Жумакадыр
Акын Женишбек Жумакадыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын катчылыгы митинг бүгүн Ак үйдүн алдында улана турганын билдирген.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча комузун колго алып ыр менен элге кайрылуу жасады. 

Эскерте кетсе, оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаев жекшемби күнү Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, 48 саатка камакка алынган.

Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекенчи" депутаттардын митингде айткан кептери
"Ата Мекен" фракциясынын лидери 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Россиянын телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевскийге MegaCom компаниясын алууга жардам берем деп андан бир миллион доллар алган делип айыпталууда. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгосо, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.

Буга нааразы болгон Текебаевдин тарапташтары кечээ УКМКнын алдында митингге чыгышкан. Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгы митинг бүгүн Ак үйдүн алдында уланаарын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0