Леонид Маевский Текебаев менен кандайча жолукканын айтып берди

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүү65-й Каннский кинофестиваль
65-й Каннский кинофестиваль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкер Леонид Маевский эмне үчүн 2010-жылы Текебаев менен макулдашкан "келишимин" эми гана ачыкка чыгарып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россия Думасынын мурдагы депутаты, LV Finance компаниясынын экс-жетекчиси Леонид Маевский Кыргызстандагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши адилет каралат деп үмүттөнөт. Мындай пикирин ал Sputnik агенттигине билдирди.

Жакында эле Маевский Текебаевди жоопко тартуу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине арыз менен кайрылган. Россиялык ишкер ЖК депутаты Текебаев бир миллион долларын кайтарып бербей койгонун айтып, каражатты ал "Альфа Телекомдун" башкармалыгына мүмкүнчүлүк алуу үчүн бергенин жар салды.

Акын Женишбек Жумакадыр - Sputnik Кыргызстан
Жеңишбек акын: эки саясатчы тебишти, арты кандай болот деп атпай журтум кейитти
Текебаев өзү бул аракеттерде саясий боёктор бар экенин айтууда. Депутатты убактылуу кармоо жайына киргизгенден кийин анын жактоочулары УКМК имаратынын алдында нааразычылык акцияларын өткөргөн.

2010-жылы россиялык ишкер "Смартс", "Мегафон" жана башка уюлдук компаниялардын телекоммуникациялык ири активдерине ээлик кылган. Кыргызстандагы рынок менен 1990-жылдары таанышкан. Казакстанда беш жыл иштеп, Кыргызстанга да келип-кетип турган. Андан сырткары, КРде телекоммуникация тармагында жогорку кызматтарда иштеген жакын санаалаштары болгон.

"MegaCom компаниясын менчиктештирүү боюнча сунуш түшкөн, мен аны кабыл алдым. Текебаев менен май айында жолуккам. Мага сунуштун маани-маңызы түшүнүктүү болчу. Анткени өзүм билген рынок, жакшы билген менеджмент эле. Арызды мурда эле жазайын дегем, бирок ал адилет жана ачык каралат деген ишеним болгон эмес", — деди Маевский.

Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекенчи" депутаттардын митингде айткан кептери
Ал ортодо Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2010-жылы Текебаев Убатылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп турганда ишкерге "Альфа Телекомдун" башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алганын билдирди. Россиялык ишкер менен макулдашылган келишимдин шарттары аткарылбай калган, бирок депутат каражатты кайтарып берүүдөн баш тарткан.

Башкы прокуратура Текебаевге карата "коррупция" жана "алдамчылык" боюнча кылмыш иш козгоду.

"Менин өнөктөштүрүмдүн Кыргызстанда ири бизнестери бар. Мен аларды кырк жылдан бери билем, алар мага келип: "Леонид, сенин арызыңды Кыргызстанда ачык-айкын карай турган убакыт бышып жетти" дешти. Бул рынокто иштеп жаткан юристтер жана ишкерлер менен кеңешип, иш адилет каралат деген үмүт менен арыз жазууну чечтим", — деп Маевский Sputnik агенттигине билдирди.

Россиялык ишкер жогоруда айтылган окуялардан кийин Кыргызстандын рыногу эми аны кызыктырбай турганын баса белгиледи.

Пара берген адамга кандай жаза колдонулат? Кыргызстан менен Россиянын Кылмыш жаза кодекстеринен түшүндүрмө

Флажог с логотипом партии Бир бол - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү-Прогресс" Текебаевдин камалышы боюнча кезексиз жыйын өткөрүүнү сунуштоодо
Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексинин 314-беренеси. Мыйзам боюнча пара берген адам акча талап кылынып жатканы тууралуу укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен билдирсе, же кызмат адамы андан опузалоо жолу менен каражат талап кылганын кабарласа кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 291-беренесинде дагы ушундай эле норма бар.  Мыйзам боюнча пара берген адам акча талап кылынып жатканы тууралуу укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен билдирсе, же кызмат адамы андан опузалоо жолу менен каражат талап кылганын кабарласа, ошондой эле кылмыштын ачылышына жана иликтешине жардам берсе кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0