Алмамбет Шыкмаматов: мени кайрадан УКМК суракка чакырды

© Фото / пресс-служба Министерства юстиции / minjust.gov.kgШыкмаматов Алмамбет Насырканович
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов УКМКга барып 10 саатка чукул сурак берип келген.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. УКМК "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовду кайрадан суракка чакырды. Бул тууралуу депутат Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Эске салсак, буга чейин Алмамбет Шыкмаматов УКМКга барып 10 саатка чукул сурак берип келген.

"Мени бүгүн саат 15:00гө суракка чакырды. Азырынча эч нерсе айта албайм. Камап да коюшу мүмкүн", — деди Шыкмаматов.

65-й Каннский кинофестиваль - Sputnik Кыргызстан
Леонид Маевский Текебаев менен кандайча жолукканын айтып берди
Белгилей кетсек, 26-февралда таң эрте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эл аралык "Манас" аэропортунан кармап, 48 саатка камакка алган. Мындан улам УКМК алдында мөөнөтсүз митинг башталган.

Шыкмаматов коррупция менен шектелип, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0